Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Аза күтүү күнү: Коронавирустан ажал тапкан ак халатчандар (сүрөт)

30.07.2020 11:04
1257
Аза күтүү күнү: Коронавирустан ажал тапкан ак халатчандар (сүрөт)


Бүгүн, 30-июль — Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустан 1347 жаран каза болду. Алардын арасында адам өмүрү үчүн күрөшүү учурунда каза болгон медициналык кызматкерлер, дарыгерлер дагы бар. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги коронавирустан улам каза болгон дарыгерлердин тобун тизмектеди. 


1) Сарбагыш Иманалиев


Ысык-Көл райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев 27-июлда Бишкек шаарында пневмония оорусунан улам каза болгон. Ал 1961-жылы туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн. Саламаттыкты сактоо тармагында 36 жылдан бери иштеп келген. 



2) Бегаим Исакова


Бишкек шаарындагы №1 клиникалык оорукананын дарыгери Бегаим Исакова 24-июлда коронавирус инфекциясынан улам каза болгон. Бегайым Исакова 1956-жылдын 6-июнунда Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун 1979-жылы аяктаган. Ошол жылдан бери №1 клиникалык ооруканада эмгектенип келген.


3) Гүлжамал Жумабаева 


Чүй райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Гүлжамал Жумабаева 26-июлда коронавирустан каза болгон. Ал 1953-жылы Кеминде туулган. 1976-жылы Медициналык академияны аяктаган. Чүй райондук ооруканасында алгач бөлүм башчы, кийин директордун орун басары болуп иштеген. 




4) Жаныбек Мамбетов 


Дарыгер-уролог Мамбетов Жаныбек коронавирустан улам 21-июлда каза болгон. Ал 1961-жылы Ысык-Көлдөгү Тоң районунда төрөлгөн. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. 35 жылдан бери медицина тармагында иштеп келген. 




5) Эрмек Носинов


Медицина илимдеринин кандидаты, доцент Эрмек Носинов 19-июлда 46 жаш курагында каза болгон. Ал 1974-жылы Аламүдүн районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн, Улуттук госпиталдын Ахунбаев атындагы клиникасынын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн базасында жалпы хирургия бөлүмүндө клиникалык ординатурасын аяктаган.


2016-жылдан тартып доцент, Кыргыз-Россия университетинин жалпы жана факультеттик хирургия кафедрасынын башчысы, 2018-жылы Эл аралык медициналык жогорку мектебинин хирургия кафедрасынын доценти болгон. Ошондой эле чет элдик студенттерге сабак бере баштаган.




6) Бейшекан Калиева


Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун алгачкы жетекчиси Бейшекан Калиева 18-июлда пневмониядан каза болгон. Ал 1977-жылы кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган соң, дарыгерлик эмгек жолун Чүй облусунун Аламүдүн районунда участкалык дарыгер болуу менен баштаган. Кийинчерээк Чүй облустук ооруканасында башкы дарыгер болуп иштеген. 



7) Айчүрөк Келдибекова


Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Айчүрөк Келдибекова 55 жашында коронавирустан улам каза болду. Ал райондук ооруканасында COVID-19 илдетине чалдыккан адамдарды дарылап, иштеген.



8) Абдиманап Муратов 


Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары, ардактуу дарыгер, балдардын кардиологу, профессор Абдиманап Муратов 4-июлда 59 жашында пневмониядан каза болгон. Ал 1961-жылы Ош облусунда туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн соң кардиолог-дарыгер болуп эмгектенген. Коронавируска каршы күрөш боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөсү катары пандемияга каршы илимий эмгектерди жарыялаган.



9) Эдил Садыков


Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков 4-июлда пневмониядан каза болгон. Ал 1958-жылы Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылында туулган. Ташкенттеги медициналык институтта билим алып, Ысык-Көл облусунда 35 жылдан ашык эмгектенген.




10) Артыкбай Эралиев


Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев 6-июлда коронавирустан улам каза болгон. 



11) Жүзүмкан Көкүмбаева 


Саламаттык сактоонун отличниги Жүзүмкан Көкүмбаева 2-майда коронавирустан улам каза болгон. Ал  1985-жылдан бери №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп келген. Жүзүм Көкүмбаева коронавирус өлкөдө пайда болгон күндөн баштап жумушунда иштеп келген. 



12) Жангара Абдыхаликов  


Ош облустук аймак аралык балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдыхаликов 8-июлда пневмониядан улам каза болгон. Ал аталган оорукананын ЛОР бөлүмүн 1986-жылдан бери башкарып келе жаткан. «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» наамын, бир катар мамлекеттик сыйлыктарды алган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн