Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азербайжан тарыхый жери болгон Ереванды да Армениядан тартып алабы? (ВИДЕО)

10.12.2020 17:51
900
Азербайжан тарыхый жери болгон Ереванды да Армениядан тартып алабы? (ВИДЕО)

Азербайжандын борбору Баку шаарында бүгүн Түркия президенти Эрдогандын катышуусунда Тоолуу Карабак жеңишинин урматына арналган аскердик парад өтүүдө. Бул парадда Азербайжан жана түрк аскерлери, ошондой эле Армения менен болгон согушта колдонулган куралдык техникалар көрсөтүлдү.


 Парад жүрүшүндө сөз сүйлөгөн президент Ильхам Алиев Армениянын борбору Ереван шаары, Зангезур жана Севан райондору Азербайжандын тарыхый жерлери экенин кошумчалады.


"Зангезур, Севан, Ереван -  Азербайжандын тарыхый жери. Биздин эл ал жерде кылымдар бою жашап келишкен, бирок Армениянын жетекчилиги жүз миңдеген азербайжандарды өз мекендеринен кууп чыккан. Андан кийин ошол эле сүрөт Карабахта кайталанган"- деди Илхам Алиев

Президент Бакуда өткөн парадда азерилер бул жерлерден 1980-жылдардын аягында Армениянын “агрессиялык жана басып алуу” саясатынын негизинде куулуп чыккандыгын айтты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн