Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Азербайжанда Кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды

24.04.2024 16:15
436
Азербайжанда Кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды


Азербайжанда Кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы. 

Иш-чарага КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев, Азербайжандын маданият министринин орун басары Гусейнов Мурад Фарид оглу, атайын чакырылган расмий коноктор, эки өлкөнүн маданият жана искусство чеберлери, Баку шаарында жашаган кыргыздар жана мекендештер катышты.

Саамалыктын алкагында кыргыз кино ишмерлери боюнча атайын даярдалган сүрөт көргөзмө дагы сунушталды.

Кино күндөрүнүн расмий ачылышында режиссер Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы кыргыз тилинде көрсөтүлүп, азербайжан тилинде субтитр менен коштолду.

Кино күндөрү 23-25-апрель күндөрү өтүп, анын жүрүшүндө "Низами" кинотеатрында бир нече тасма көрсөтүлөт. 

  • 24-апрелде — “ERROR#404” тасмасы. Башталышы саат 17:00 (кичи залда). 
  • 25-апрелде — “Бейиш эненин таманында” тасмасы. Башталышы сат 19:00 (кичи залда). 

Белгилей кетсек, Кино күндөрү Кыргызстандын Азербайжандагы Маданият күндөрүнүн алкагында өтүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн