Чын курандын 22, 2025
Убакыт: 19:39
USD
87.00
87.50
EUR
99.90
100.90
RUB
1.065
1.095

Азербайжандын маданият министри “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды

22.04.2025 15:43
24
Азербайжандын маданият министри “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды


Бүгүн, 22-апрелде Азербайжандын маданият министри Адиль Габиль оглу Каримли Кыргызстанга расмий иш сапарынын алкагында “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.


Сапардын жүрүшүндө министр Адиль Каримли 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда (Үркүндө) каза болгондордун эстелигине гүлчамбар коюп, кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду.


Иш-чарада Азербайжандын маданият министрин Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков коштоп жүрдү.


Меймандар мемориалдык комплекстин музейи менен таанышып, экспозициялар боюнча маалымат алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн