Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 05:51:13
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Ажылык сапарына баруучулар COVID-19, сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөөдөн өтүүдө

03.06.2022 08:42
2977
Ажылык сапарына баруучулар COVID-19, сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөөдөн өтүүдө

Сауд Арабияга ажылыкка бара турчулар эмдөөнүн түрлөрүнөн өтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. 


Министрлик бул боюнча атайын буйрук чыгарылганын белгиледи.

Зыяратчылар коронавирус инфекциясынан сырткары сасык тумоо жана менингитке каршы вакцина сайдырып жатышат.


Ажылыкка чыккандар үчүн виза алуудагы негизги талаптар:

жашы 65ке чейин;

COVID-19га каршы эмдөө алуу;

Өлкөдөн чыкканга чейин 72 сааттын ичинде COVID-19га тапшырган тесттин терс жыйынтыгы тууралуу сертификаттын болушу.


Сауд Арабия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн