Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 01:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Ажонун алдында чындыкты төккөн Аалы Туткучев тууралуу президент пикирин айтты

05.09.2020 15:49
2077
Ажонун алдында чындыкты төккөн Аалы Туткучев тууралуу президент пикирин айтты


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Маек учурунда журналист Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарада мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго сот, бажы, медицина тармагындагы көйгөйлөрдү айтып ырдаган акын Аалы Туткучев тууралуу айтып, "Акын козгогон темалар соцтармакта талкууга алынды. Айрымдар муну биздин коомдун ачыктыгы, жетишкендиги дешсе, айрымдары бул президенттин саясатын сындаганы деди. Башка пикирлер да бар. Сиздин пикириңиз коомчулук үчүн кызык болушу керек?", деген суроо узатты. тууралуу президенттин пикирин сурады. 


Президент бул суроого жооп берип жатып, Аалы акын мамлекеттик саясатты, тагыраак айтканда, президенттик иштердин негизги багыттарын ырга салганын айтты. 

"Акын — элдин жарчысы да, биринчи кезекте. Мен да эл аралап жүрөм, элден көп кайрылуу келет. Бажы тармагын алалы. Бул көп жылдар бою, 20-30 жылдап калыптанган мамилелер, схемалар бар. Ошолорду биз азыр жок кылып атабыз. Бажыда эле эмес, көп тармактарда абал ошондой болуп келген. Болуп жаткан, көрүп жаткан нерселер менен күрөшүп жатабыз.

Мына, менин өлкөнү санариптештирүү боюнча саясатымдын бирден бир максаты — ошол адам факторун жокко чыгаруу. Ошол тармактардагы коррупция элементтерин жоюу. Муну мен ойлоп тапкан жокмун. Дүйнөнүн көп алдынкы өлкөлөрү коррупция менен күрөштө санариптештирүү менен ийгиликке жетишкен. Бул аларга адаттагы көрүнүш болуп калган.

Мурда да айткам, дагы айтам. Баарын камап түгөтө албайбыз. Мына ушул санарип бизди, өлкөнү, жалпы элибизди коррупциялык элементтерден куткарат. 

Барган жеримде, бир эле бажы эмес, салык эмес, сот системасына, айыл өкмөтүнө кирип жаткан санарип саясатын текшерип жатам. Элге кызмат көрсөтүүсүн, айрыкча мамлекетке, бюджетке түшүп жаткан каражаттарды санариптешмейинче биз мамлекеттин, бийликтин кадыр-баркын элдин астында көтөрө албайбыз. Эл коюп жаткан талапты биз аткара албайбыз.

Аалы акыныбыз ошол саясатымды ырга салды. Ырга салып, айтты. Менимче, Аалы мырза менин жүргүзүп жаткан саясатымды элибизге дагы жакындатты. Мен мына ушундай кабыл алдым.

Менин президенттик ишимди акындар ушинтип ырдап, коррупционерин коррупционер деп, коомдун оорусун көзгө сайып көрсөтүп турса, мындан эч жаман нерсе издеп кереги жок деп ойлойм.

Күрөшүп жатабыз, убакыт керек болуп жатат. Элдин үнүн бийликке жеткирип эле тим болбой, аткаминерлерди чыйралтып, керек болсо тизгиндеп туруу — ушул биздин акындардын вазийпасы деп ойлойм. Андай мүмкүнчүлүк акынга бир келди. Бир келген нерсени айтып алды. Туура кылды деп ойлом.

Эмдиги жылы Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгын белгилейбиз. Даярдык иштерин эмитен баштап, жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген ой-максаттарым бар. Буюрса, бир жылда өзгөрүү болсо, Аалы акыныбыз дагы чыгып ырдаса, айтып кетер ошол жетишкендиктерди", - деди президент. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн