Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:00
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Азимбек Бекназаров менен Дүйшөнбек Зилалиев ноябрга чейин камалды

16.09.2024 12:09
129
Азимбек Бекназаров менен Дүйшөнбек Зилалиев ноябрга чейин камалды


Биринчи май райондук соту Азимбек Бекназаровду 2-ноябрга чейин, ал эми мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев 4-ноябрга чейин камакка алды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабыл алган чечимде айтылат.


Маалыматка ылайык, сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырган.


Бекназаров 12-сентябрда 2010-жылдагы Апрель окуяларында банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн акча каражаттарды уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан кармалган. Саясатчы кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектелип жатат.


Дүйшөнбек Зилалиев УКМК тарабынан кармалганы 13-сентябрда кабарланган. Аны менен кошо Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков да кармалган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы кен байлыктардын лицензиясын бири-бирине сатып, чырмалышкан мафия болуп кеткенин айтып, алтын казууга берилген 23 лицензия кайтарылганын билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн