Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров кармалды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" кабарлады.
Маалыматка ылайык, Руслан Бекназаров экстремизмге айыпталууда.
Ал ИИМдин тергөө бөлүмүндө сурак берүүдө.
Белгилей кетсек, Руслан Бекназаров Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн