Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:41
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Азимжан Аскаров туташтырылган концентраторду атайын алып салып, каршылык көрсөткөн, - ЖАМК

25.07.2020 16:26
1217
Азимжан Аскаров туташтырылган концентраторду атайын алып салып, каршылык көрсөткөн, - ЖАМК

 

№47 абакта каза болгон Азимжан Аскаровдун өлүмү тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирүү таркатты.

 

Маалыматка таянсак, ал №47 абактын ооруканасына оң тараптуу пневмония диагнозу менен түшүп, кычкылтек концентраторуна туташтырылган.


"Сатурациянын деңгээли 80-83 болчу. Ал туташтырылган концентраторду атайын алып салып, каршылык көрсөткөн. Аскаров дарыгердин көзөмөлүндө болду. 25-июлда саат 09:30да кайрадан кычкылтек концентраторун үзүп салып, 10:30да көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.


Анын сөөгү соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнө жиберилген. Ал жерден атайын экспертиза жүргүзүлүп, Аскаровдун өлүмүнүн себеби аныкталат.


Буга чейин, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров абакта каза болгону айтылган.


Белгилей кетсек, Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бек
Акмак чал жон олбой кыргыздарды жаман атты кылып олойун деген экен.