Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 16:47
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Азыркы курч кырдаалда Асылбек Жээнбеков сыяктуу таза инсандар мамлекетти саздан чыгарып кете алат, - Абдимиталипова

11.10.2021 20:04
2971
Азыркы курч кырдаалда Асылбек Жээнбеков сыяктуу таза инсандар мамлекетти саздан чыгарып кете алат, - Абдимиталипова


Кыргызда бычакка сап болчу жигиттер буга чейин да эл арасынан чыгып келген, мындан кийин да чыга берери анык. Бирок, өлкөдө орун алган саясий система, саясий оюн мыктылардын топтон суурулуп чыгуусуна бөгөт коюп жатканы жашыруун эмес. Буга колго иленээр факты жок Асылбек Жээнбековдун абакта олтурганы далил.

Кыргыз саясатында Асылбек Шариповичтин айланасында ар түрдүү пикир айткандар көбөйдү. Кээ бир саясий серепчилер жөө жомокту токуп жиберишти. Мындай сөздөрдү саймедиреген саясий серепчилер “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” деген саясатын жүргүзүп жатканын өздөрү да жакшы билет.

Асылбек Жээнбеков мурун ким эле, азыр ким болду деген суроого жооп айтуу үчүн анын саясий аренада тутунган принцибин, эң негизгиси инсандык сапатына анализ жүргүзүп көргөн оң болоор.

Жээнбековдун узак убакыт бою мыйзам чыгаруу органында иштеп, катардагы депутаттан Жогорку Кеңештин төрагалык кызмат ордуна чейин өсүп жетүүсү, анын саясий жактан бышып жетилгендигинен кабар берет. Ал эми анын көрүнүктүү саясий ишмер, саясатчы катары потенциалы абдан жогору экендиги эч күмөн туудурбайт. Принципти туу туткан саясатчы экени, саясаттагы эки жүздүүлүк арам оюндарга аралашпай, өз позициясынан тайбаганы, узак убакыттан бери чоң саясат казанында кайнап келе жатса да, башкаларчылап булганыч иштерге аралашпай, өз абийирин жана кадыр-баркын таза сактап келе жаткандыр.

Азыркы курч кырдаалда, өлкөбүз кабылган туташ экономикалык, саясий кризис учурунда Жээнбеков сыяктуу таза, энергиялуу, чечкиндүү инсандар мамлекетти саздан чыгарып кетеринде шек жок. Асылбек Жээнбеков инсан, саясатчы жана мамлекеттик ишмер катары эгемендик доордо жаңыча социалдык-экономикалык кырдаалда калыптанган адам экендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Ал үчүн мурунку муундардагы жетекчилерге мүнөздүү болгон партократчыл, кыргызчыл, тууганчыл көз караштар критерий болуп эсептелбейт.

Мындан сырткары, жалпы Кыргызстан деген өлкөнүн, анын жарандарынын бүгүнкү жана эртеңки жашоосу оңолуусу үчүн жетекчи таза иштеши керек, деген прицибинен ушул күнгө чейин тайбай келет.

Асылбек Жээнбеков “Агасы бийликке келгенде өлкөнү башкарды... Спикер болуп турганда “Кумтөрдү” өткөрбөй койгон” деген сандырак сындарды угуп да, окуп да жүрөбүз. Мунун баары көчө ушагы экенин турмуш өзү тастыктап жатат. Чындыгында, Асылбек Жээнбеков спикерлик кызматты аркалап турганда өлкө кызыкчылыгына каршы келген бир дагы иш кылбаганы азыр баардык документтер менен тастыкталып жатат.

Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Исхак Раззаков сыяктуу мамлекеттик ишмерлерди туу туткан Асылбек Шарипович эч качан кызматтын кулу болгон эмес. Тескерисинче, эл берген ишенимди таза актоо үчүн болгон аракетин жумшады. Кыргыз элинин байлыгы болгон мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн мыйзам иштеп чыкты. Эгер, ошол мыйзам кабыл алынып, иштей баштаганда Кумтөрдөгү” талкаланган мөңгүлөр сакталып калмак. Экологияга азыркыдай зыян келбейт болчу. Жээнбеков демилгечилердин бири болгон мөңгүлөр жөнүндөгү мыйзамды “Кумтөрдү” жем жеген акыр кылып алгандар өткөрбөй коюшканы дагы чындык. Алар жеп жаткан жеминен куру калмак. Бул дагы Жээнбековдун “алтын мафиясына” каршы турганынын бир фактысы.

Эгер Асылбек Жээнбеков бийликтин ырын ырдаган саясатчы болгондо, ушул мыйзамды иштеп чыкмак эмес. Жүз миңдеген шайлоочу анын тазалыгынан, чынчылдыгынан, тартипти коё билгенинен, мыйзамды сыйлай турган сапатын жогору коюп, ар дайым колдоп келген. Азыр да колдоп жатат. Асылбек Жээнбековдун мыйзамдын чегинде иш алып барганы, тартипти катуу талап кылган жетекчи экенине, ал жетектеп турган Жогорку Кеңештин деңгээли күбө.

Коомдук-саясий ишмер Асылбек Жээнбековдун саясий карьерасынын күнү бүттү дегендер жаңылышат. Тескерисинче, анын саясаттагы жаңы доору эми башталат. Анткени, чындык жалгыз. Эртели-кеч баары бир аткандай таңдай жарк этип жанат. Чындык Асылбек Жээнбеков тарапта экени талашсыз.

Гулзар Абдимиталипова, журналист

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Бектур
Толугу менен кошулам, Асылбек Шарипович таза жана Ак.
Гулкан
Асилбек Шарипович ээн кучту спикер болгон