Теке 27, 2024
Убакыт: 10:31
USD
EUR
RUB

Азия Кубогу: Кыргызстандын улуттук курамасы Таиланддан утулуп калды

16.01.2024 22:58
872
Азия Кубогу: Кыргызстандын улуттук курамасы Таиланддан утулуп калды


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Таиланд курамасына каршы оюн өткөрдү.

Бул улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы алгачкы беттеши болду.

Оюн Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өттү.

Оюндун биринчи таймында эки курама тең күчтүүлүгүн көрсөтүп, бири-бирине кооптуу чабуулдарды жасашты. Оюндун биринчи бөлүгү 1:0 менен аяктады. Таиланддын курамасы алдыда.

Оюндун экинчи бөлүгүндө атаандаштар "Ак шумкарлардын" дарбазасына дагы бир гол киргизип, оюн 2:0 эсебинде Таиланд командасынын пайдасына жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, Азия Кубогуна жалпысынан 24 улуттук футбол курама командасы катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 команда чыгат.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия биринчилигине өз тарыхында экинчи жолу ойной жатат.

Кыргызстандын улуттук курамасы "F" тайпасында орун алган, атаандаштары Таиланд, Сауд Аравия жана Оман курамалары болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн