Теке 01, 2024
Убакыт: 04:08
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Азия чемпионаты U-23: Балбан Асан Жанышов алтын медаль жеңди

28.06.2024 17:37
124
Азия чемпионаты U-23: Балбан Асан Жанышов алтын медаль жеңди


Кыргызстандын грек рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов ушул күндөрү Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында (U-23) алтын медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 87 кг чейинки салмакта катышкан. Биринчи айлампада казакстандын балбаны Максат Сайлауну 11:3 эсебинде жеңип, экинчи айлампада индиялык Теджал Теджалды 14:6 эсебинде утуп өз салмагында Азия чемпиону аталды.

Эскерте кетсек, кун мурун Кыргызстандын грек-рим курамасынын 7 мүчөсү медалга татыган. Алар:

  • Аманат Самат уулу (67 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) — алтын;
  • Артык Орозбеков (130 кг чейинки салмакта) — күмүш;
  • Акыл Сулайманов (60 кг ), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Алибек Бердиев (77 кг) — коло медаль.

Кыргызстандын курама командасы мелдешке улук машыктыруучу Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн