Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келерин жарыялады. Бул тууралуу мекеменин сайты билдирет.
Банктын эксперттери Кыргыз Республикасында экономикалык өсүш 2021-жылы 3,5 пайыз, 2022 -жылы 5 пайыз деңгээлинде болжолдонуп жатканын белгилешти.
"Кыргыз Республикасынын соода өнөктөштөрү үчүн жагымдуу көз караштарды эске алуу менен өлкө COVID-19дун таасирин сезүүнү улантып жатканына карабастан, биз, Азия өнүктүрүү банкы кызматтар сектору калыбына келе баштаганда экономикалык өсүшкө этияттык менен оптимизм менен карайбыз", - деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн