Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия оюндарында күмүш медалга татыды.
Финалдык беттеште Нуртаева китайлык спортчу Фенг Чжоу менен кез келип, 2:13 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.
Аталган мелдешке Нурзат Нуртаева 68 кг салмак ченинде, 4/1 финалдан тарта катышып, алгачкы атаандашы казакстандык Елена Шалыгинаны 8:7 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Жарым финалдык беттеште кыргыз балбаны монголиялык Делгермаа Энхсайханды 10:8 эсебинде артта калтырды.
Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн