Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азия жана Океания чемпионаты биринчи жолу Кыргызстанда өтөт

09.02.2021 19:07
546
Азия жана Океания чемпионаты биринчи жолу Кыргызстанда өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.

Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарында дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө арналган маалымат жыйын өттү.

Иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев жана Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев катышты.

Канат Шабданбаев чемпионат Бишкек шаарындагы "Газпром – балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда 6-апрелден 9-апрелге чейин өтөрүн айтты.

"Мелдеш Олимпиада оюндарына рейтингдик болуп эсептелет. Чемпионатка 30дан ашык Азия мамлекеттеринен 400-500 спортчунун катышуусу пландаштырылып жатат.Бүгүнкү күндө мелдештин өткөрүү жобосу бекип, ага ылайык чемпионатты ийгиликтүү өткөрүүгө баардык иш-чаралар аткарылып жатат", - деди ал.

Ошондой эле ведомствонун директору чемпионатты өткөрүү үчүн Спорт боюнча агенттиктин бюджетинен 12 млн сомго жакын каражат каралганын белгиледи.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө кыргызстандык спортчулар Олимпиада рейтингинде төмөнкүдөй жайгашышкан:

- Юрий Краковецкий +100кг - 2117 упай, 27-орун (18-орунда лицензия);
- Владимир Золоев 81кг - 1512 упай, 37-орун (континенталдык квота);
- Артур Те 66кг – 986 упай, 51-орун;
- Кубанычбек Айбек уулу 60кг, - 908 упай, 48-орун;
- Бекболот Токтогонов +100кг – 858 упай, 45-орун;
- Эрлан Шеров 90кг – 794 упай, 54-орун;
- Отар Бестаев 60кг – 467 упай, 72-орун.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн