Кыргыз эл артисти Азиз Мурадиллаев ооруканадан кыргыз элине ыраазычылык билдирип, кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.
Молдокматованын айтымында, Азиз Мурадиллаевге Түркияда операция жасалат жана ага өзүнүн тууганы донор болот.
"Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем. Кыйын күндө кандай абал болбосун жардам көрсөткөн кайрымдуу элиме ыраазымын. Ошондой эле колдоо көрсөткөн президентибиз Садыр Жапаровго да ыраазымын",- деди Мурадиллаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн