Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Азиз Мурадиллаевге тез арада боор алмаштыруу үчүн донор керек

05.12.2022 12:40
458
Азиз Мурадиллаевге тез арада боор алмаштыруу үчүн донор керек

Актёр Азиз Мурадилаевдин боорун алмаштыруу үчүн тез аранын ичинде донор керек болууда. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова  билдирди.


Анын айтуусуна таянсак, актердун апасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Садыгалиева донор болмок, бирок жашы туура келбей калган.


"Актердун калган жакындары жана туугандары да туура келбейт экен. 26 жаштагы кыз донор болууга макул болгон, бирок анын канынын тобу туура дал келбей калды", - деди Молдокматова.


Эске сала кетсек, мындан бир нече кун мурун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда Бишкектеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.


Ассоль Молдокматова актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керектигин айтып, ал үчүн 45 миң АКШ доллары сарптала тургандыгын маалымдаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн