Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Азиза Абдирасулова: “Мени издеп келген жигиттердин УКМК менен ИИМге тиешеси жок экен”

01.09.2023 10:30
1794
Азиза Абдирасулова: “Мени издеп келген жигиттердин УКМК менен ИИМге тиешеси жок экен”


- Азиза эже, “кемпирабадчылар” боюнча эмне кабарыңыз бар?


- Кемпир-Абад боюнча иш сотко өткөнүнө үч ай болду. Бул убакыттын ичинде иш каралып башташы керек эле, бирок негизгисине сот жете элек. “Гриф секретность” деп коюшту. Кармалгандардын эч кимиси иш кагаздары менен толук таанышышкан жок. Баш коргоо чарасын карамыш болуп атышат. Акыркы кезде үч адам үй камагына чыкты: Акыл Айтбаев, Али Шабдан жана Эрлан Бекчороевдер. Мунусуна Кудайга шүгүр дейли. Бул жерде бир түшүнүксүз нерсе болуп атат, бир канча томдун ичинде “кайсынысы мамлекеттик сыр катары сот жабык түрүндө өтүшү керек жана кайсынысы ачык өтүшү керек?” деген. Бүгүнкү күндө кылмыш иштин алкагында айыпкер катары 25 адам бар. Анын 11и тергөө абагында, 14ү үй камагында. Башынан баштап жоопко тартылгандардан экөөнүн иши бөлүнүп каралды деп айтышты, Орозайым Нарматова менен Талант Эшалиевдики. Булар Кемпир-Абад боюнча сотко катышпайт. 


- Сиздердин үй-бүлө боюнча да кошумчалай кетсеңиз?


- Мен ооруп жүргөм. Омурткамды сындырып алып, калыбына келтирүү боюнча “Ысык-Ата” курортунда болчумун. Ал жактын минералдык суулары, ысык баткагы дегендей... Муундарым ооруйт, тиземден операция болгом, артрозум да бар. 27-август күнү барып, абышкам келе берген. Эртеси үйгө эки жигит келиптир. Жолдошум Жанызак Абдирасуловдун айтуусуна караганда, үйүбүзгө жарандык кийимчен, жаштары 35-40тар чамасында жигиттер келишип, мени сурашыптыр. Абышкам менин үйдө жок экеними айтканына карабай, үйгө бастырып киргенге аракет кылышып, бирок Шерхандан коркуп (Алабай итибиз) кире алышпаптыр. Бирок, абышкама өтө одоно мамиле кылышып, күч колдонуп, колунан телефонун тартып алганга аракет кылышкан. Абышкам сураганына карабай аты-жөндөрүн, келген себептерин айтышпай, үйдүн жанында кетпей бир топко турушуптур. Мындай кооптуу кабарды уккандан кийин Ысык-Атадан шашылыш үйгө кайтып келдим. Азырынча тынч, эч ким келе элек. 


- Сиз эч жакка кайрылбадыңызбы?


- Болгону соцтармак боюнча учкай билдирүү кылдым. 29-август күнү Бишкек ГУВДнын 10-бөлүмүнүн жетекчиси Шумкар Сулайманов телефон чалып, ал-абалымды сурады. Кечээ үйүбүзгө келген жигиттерге Бишкек шаардык ГУВДнын тийешеси жок экенин айтты. Ишендим. 

УКМКдан да телефон чалышты. Келген жигиттер тууралуу маалымат сурашты. “Эгер дагы кимдир бирөөлөр келип тынчыңарды алса, түз эле бизге кайрылгыла” дешти. “Рахмат” дедим. Ошо... 


Сурат Жылкычиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн