Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 03:49
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Азизбек Турсунбаев №5. Иштермандыктын, жаратмандыктын үлгүсү

22.11.2021 13:03
1539
Азизбек Турсунбаев №5.  Иштермандыктын, жаратмандыктын үлгүсү


Кыргыз эли эзелтеден “Бир колуң бергенди, экинчи колуң билбесин” деп айтып келген. Ошол эле убакта “Улуу иштер унчукпай жасалат” деген кеп бар. Жалпы кыргыз элине аты белгилүү болуп калган Азизбек Турсунбаев дагы көптөгөн жакшы иштерди унчукпай гана жасоону туура көргөн инсан. “Мен ушул иштерди жасап салгам” деп көкүрөк кагып же кимдир-бирөөгө милдет кылганды да туура көрбөйт. Бирок, анын эл үчүн жасап келаткан иштерин эл өзү жакшы билет. 


Турсунбаев Жалал-Абад облусунда губернатор болуп иштеп турган кезинде Чаткал районунда алтын казган фирмалар менен келишпестиктер болгону белгилүү. Ошондо Азизбек Атакозуевичтин демилгеси менен Жогорку Кеңештин депутаттары келип, эмнеден улам ызы-чуу болуп жатканы териштирилип, анан дагы районго өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Азыр ошол өнүктүрүү фондунун арты менен райондо көптөгөн иштер жасалып жатат. Бул демилгенин автору Азизбек Турсунбаев болгонун баса белгилеп айтып коюу керек. Мындан сырткары, Чаткал районундагы бир катар мамлекеттик мекемелерге кызматтык автоунааларды бөлдүрүп берген. Мисалы: райондук ветеринардык борборуна, райондук билим берүү бөлүмүнө, райондук ички иштер бөлүмүнө. 


Курулуш айылынын тургуну убагында ден соолугунан жабыркап, өтө оор абалда жатып калганда да А. Турсунбаев жардамга келген. Ал жаранга гемодиализ алуу үчүн республикалык бюджеттен каржылоого көмөк көрсөтүп, өз убагында маселени чечип берген. Натыйжада адам өмүрүнүн узарышына огожо болуп отурат. Мындай мисалдар ондоп саналат десек аша чапкандык болбос. 


Терек-Сай айылындагы 5 км жолду асфальттоо үчүн аталган айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушуп, райондук өнүктүрүү фондунан каражат бөлдүрүп берген. Шекафтар айылына кеткен жолго асфальт төшөө ишинин башталышы да Азизбек Турсунбаевдин аракетинин натыйжасында болууда. 


2019-жыл Ала-Бука, Чаткал райондорунда “Жол” жылы деп аталды. Ошол демилгенин арты менен бир топ жолдор оңдолуп калды. Азыр дагы ал иштер уланууда. Шекафтардагы, Чаткалдагы ооруканаларга өкмөттөн “Тез жардам” унаасын бөлдүрүп берген. 


КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери кызматын аркалап турганында пенсионерлер, Ооганстанда аскердик кызмат өтөгөндөр, Баатыр энелердин автобустарда бекер каттоосун жүзөгө  ашырган. 


Чаткал районунан чыккан тажрыйбалуу адистердин узак жылдык эмгектери мамлекет тарабынан өз убагында бааланып турушуна да салымын кошуп келет. А. Турсунбаевдин демилгеси, сунуштарынын натыйжасында бир катар адистер КР Президентинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 


Чаткал районунан кадр тарбиялоо максатында алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Ал өстүргөн кадрлардын алды Жогорку Кеңешке депутат болушту. Маселен, Чаткалдын кулуну Алайбек Алымбаевди узак жылдар өзүнө жардамчы кылып алып жүрдү. Натыйжада азыр А. Алымбаев аталган райондон чыккан биринчи депутат болуп отурат. 


Бул айтылгандар Азизбек Турсунбаевдин жасаган иштеринин бир гана үзүмү. Ал өзү “Мен ушул иштерди жасап салгам” деп сөз кылууну да жактырбайт. Жөн гана унчукпастан иштей берүүнү туура көрөт. Азизбек Атакозуевичтин эл үчүн жасай турган иштери дагы алдыда арбын. Андыктан 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо №18 Ала-Бука шайлоо округунан депутаттыкка талапкер, элге эмгеги сиңген Азизбек Турсунбаевди колдоп алалы.


***КР №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сарымсаков Ахматбек тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 81 01.10.2021-ж.).

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таалай
эл үчүн иштей