Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 17:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Азизбек Турсунбаев №5. Элге кызмат кылуу – эр жигиттин милдети

25.11.2021 17:10
1966
Азизбек Турсунбаев №5. Элге кызмат кылуу – эр жигиттин милдети


Азизбек Турсунбаев тууралуу ким пикир айтпасын, ириде, анын адамгерчилиги, түз жүргөнү, иштермандыгына басым жасашат. Башкаларга окшоп куру убадачыл болбой, аз сүйлөп, көп ишти бүтүргөн сапатын, чечкиндүүлүгүн жогору баалашат. Саясатта жүргөн 15 жылдан ашуун  убакыттан бери Азизбек Атакозуевич Ала-Бука, Чаткал элине сүрөткө түшүп, видеого тарттырып пиар жасабай эле көптөгөн иштерди жасап койду. Ала-Бука менен Чаткал районунун тургундары Азизбек уулун буга чейин үч жолу депутаттыкка шайлашканынын себеби да ушунда болсо керек.

 

Абас КАБАЕВ, жазуучу, Ала-Бука районунун тургуну:

- Мен Азизбек Турсунбаев менен 2005-жылдан бери жакшы таанышмын. Башкача айтканда, бир кемеде сүзүп келебиз десем болот. Ал өзү кимге болсо да жардамга колун сунууга даяр турган жигит. Өзгөчө чыгармачыл адамдарга, маданият өкүлдөрүнө камкордукту жакшы кылат. 2008-жылы менин “Бийлик кумары” аттуу китебимди басмаканадан чыгарууга жардамын берген. Андан кийин да бир топ жардамдарын аяган жок. Ошол 2008-жылы “Бийлик кумары” аттуу китебим чыкканда, мен Азизбекке арнап бир ыр жаздым эле.

Тогуз эрен ичинен,

Топту бузган сен элең.

Торой чалган баарысын,

Тоо бүркүтү дээр элем.

Шайтан шайын оодарган,

Шайлоо оюн башталган.

Жетпей калды канчасы,

Жетемин деп жар салган.

Мээрим койгон адамга,

Мен деп айтуу жат сага.

Мээтениң ак элиңе,

Мезгил өзү тараза, - деп ыр арнадым эле. Мына ошондон бери дагы деле биргебиз.


Азиздин район боюнча аткарган иштерин баарыбыз эле билебиз. Мисалы, ошол Кербен-Ала-Бука жолу башталганда өз салымын кошкон. Райондук оорукана, маданият үйлөрүнө жардамдарын аяган эмес. Алардын баарын санай берсек узак сөз болот. Мындай эл үчүн иштейм деген инсандардын тажрыйбасын дагы пайдалануу керек. Кудай буйруп, Жогорку Кеңешке депутат болуп калса, Турсунбаев дагы көп иштерди эли үчүн жасаарына ишенем.

 

Калдарбек АБДРАМАНОВ, башкы кардиохирург:

- Азизбек Турсунбаев жөнүндө жакшы оюм бар. Мен билгенден түз, таза жүргөн инсан. Жетекчи катары Жалал-Абадда губернатор болуп турганда таанышкам. Ошондо жаңы уюшулуп жаткан биздин түштүк аймактык жүрөк хирургия илимий борборунун түптөлүшүн ишбилги катары колдоп келген.


Саламаттык сактоо тармагында көйгөйдү түшүнгөн, өз убагында жардамын аябаган эл адамы. Азиз мырзанын мындан аркы жолдорун ийгиликтер коштой берсин.

 

Дамира НИЯЗАЛИЕВА, экс-министр:

- Азиз Турсунбаев оор басырыктуу, адамгерчилиги бийик жигиттердин бири. Азиз менен Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына парламентке депутат болуп шайланып келгенбиз. Бир топ жылдардан бери саясатта келатат. Аз сүйлөп, көп иштерди бүтүрүп коет. Алдына койгон асыл максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн жолун таап, талыкпай эмгектенет. Ар кандай саясый топтор же адамдар болбосун, алар менен баарлашууда жүрөгү ачык, калыс пикирин айтып, кадыр-баркка ээ. Эл аралап көп жүрөт, алардын турмушу, жашоо шарттарынан кабардар болуп, муктаж үй-бүлөлөргө жардамын аябайт. Ошон үчүн Ала-Бука эли Азизди жакшы көрөт. Борбордон алыс болсо да кичи мекенинен кол үзбөй бат-бат каттап, жаралган көйгөйлөр менен жеринде таанышып, аны тез арада чечүү үчүн көптөгөн аракеттерин кылып келерин байкап жүрөм. Кыргыздын бычакка сап жигиттери жок эмес. Анын бири Ала-Букадан Азиз. Муну мен сыймыктануу менен айта алам. Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө, анын саясый-экономикасына салым кошуп аткан саясатчылардын сап башында жүргөнү жүрөк жылытат. Мындай жигитке ийгилик жылмайып, күздөгү парламенттик шайлоодо эл өкүлү болуп келүүсүн каалайт элем.

 

Асланбек САРТБАЕВ, “Азия-Ньюс” гезитинин башкы редактору:

- Кыдыр жылоолоп, оомат ооп калса –  ал адамдын тагдыры... Ала-Бука, Чаткал округунан Азизбек Турсунбаевге көпчүлүктүн назары түшүп, колдоого алышканы бекеринен эмес. Эмгеги уланат... Мен Азиз байкени он жылдан ашык убакыттан бери жакшы билем, ини дос катары оош-кыйыштарда бирге жүрөбүз. Көп нерсеге көзүм жетти. Эң башкысы, Азизбек Турсунбаев салабаттуу, адамгерчиликтүү, жандүйнөсү таза, дайыма жакшылык кылууга үндөп, башкалардан өзгөчө болгону – бизди да шыктандырып келет. Добушубузду чыныгы мырзага берели!

 

Аскар МЕДЕТОВ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти:

- Жогорку Кеңеште мамлекеттик, экономикалык жана чарба иштерин жакшы билген, мыйзам долбоорун өзү даярдап, өзү талкууга алып чыгып, депутаттарга түшүндүрүп айтып, суроолоруна жооп берип, баардык жоопкерчиликти өз мойнуна алып, кабыл алдырган билимдүү эл өкүлдөрү саналуу эле. Ошондой саясый салмагы бар, ишмердүүлүгү менен төбөсү көрүнгөн, ар кандай чайкоочулукка, оюндарга, чырдуу иштерге аралашпаган, бийликтин камчысын чаппаган, куру кыйкырык менен жеңил атак издебеген, кандай маселе болбосун принципиалдуу мамиле жасаган нарктуу, парасаттуу депутаттардын бири – Азизбек Турсунбаев.


Анткени ал үлгүлүү үй-бүлөдө чоңоюп, жакшы тарбия алган, мектепте тырышып окуп, зээндүүлүгү менен айырмаланган. Аскерде кызмат кылып, сергек, шайдоот жүргөнгө, берилген тапшырманы так аткарганга, жоопкерчиликти алганга үйрөнгөн. Андан кийин И.Ахунбаев атындагы медициналык институттан окуду. Негизи медициналык окуу жайда талап катуу болгондуктан, студенттер зачет, экзамен тапшыруу үчүн күндүр-түндүр китептен баш көтөрбөй окушат. “Саргара жортсоң кызара бөртөсүң” дегендей, Азизбек китепканадан чыкпай ач-ток болуп жүрүп, терең билим алып, жогорку квалификациялуу адис дипломун алган.


“Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп, 90-жылдардан кийинки экономикалык, каржы кризиси коштогон өткөөл мезгилде Азизбек эл катары ишкерлик менен алектенип, бизнес жасаганга киришти. Ошондо да ал бала кезинен бери келаткан дилгирлиги менен менеджмент, маркетинг боюнча китептерди казып окуп, теория менен практиканы айкалыштырып, жигердүү иштеди. Бизнесте да өнөктөштөрүнө кылдай кастык санабай ак иштеп, таза жүрдү. Иши алга жылып, “Шекер ордо”, “Ошкрастекст” сыяктуу чоң фирмаларды жетектеп, өргө чапты. Ошол кездерде Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетин сырттан окуп бүтүрүүгө жетишкен.


Бир күн бизнес кылбай, жарыбаган айлык менен мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, хансарайларды салып, чет мамлекетте эс алып, кымбат машинелерди минген, казынага кол салган коррупционерлер бар экенин эл билет. Алардын көбү жегенин “кусуп” да жатышат. Ал эми Азизбек Турсунбаев өзүнүн таман акы,  маңдай тери менен эл катары үй салып, фирма иштетип, элге да жарыгын тийгизип, Ала-Бука, Чаткал райондорун көп жылдан бери минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылганы эл оозуна алынган.


“Коюндан түшсө кончко” демекчи, Азизбек тапканын жашырбай мектептерге, ооруканаларга жардам берип, кем-карчын толуктап, андан сырткары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да материалдык жардамын аябай келет.


Азизбек Турсунбаев Жогорку Кеңештин вице-спикери, Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеген. Парламентте депутат катары, мамлекеттик кызматта губернатор катары да таза иштеп, элге ак кызмат кылып көнгөн Азизбек Турсунбаев Ала-Бука, Чаткал шайлоо округунан депутат болуп калса, бул райондордун чарбалык, экономикалык, каржылык кызыкчылыктарын министрлер кабинетинин деңгээлинде коргоп, курч социалдык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүп, каруусун казык кылып иштеп берерине ишенебиз.


Парламентке мандат үчүн ат салышта ак жол сага, Азизбек!


***КР №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сарымсаков Ахматбек тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 81 01.10.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн