Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 05:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

БАЭ бийик мунараларды кулатуу боюнча рекорд койду (ВИДЕО)

30.11.2020 08:09
721
БАЭ бийик мунараларды кулатуу боюнча рекорд койду (ВИДЕО)


Бириккен Араб Эмирлигинде Modon Properties төрт мунараны жардырды. Бийик мунараларды кулатуу Гиннесстин рекорддор китебине эң бийик имараттардын көзөмөлгө алынган жарылуусу катары киргизилди. 


Мина Зайед аймагын жаңыртуу үчүн төрт мунарадан турган Mina Plaza комплекси жардырылды. Эң бийик мунара 144 кабаттан турган. Мунаралар 10 секунда ичинде талкаланган. Комплексти жардыруу үчүн, жардыргыч заттар имараттардын 18000 чекитине коюлган.


Имараттарды бузуу Гиннесстин рекорддор китебине эң бийик объектинин көзөмөлгө алынган жарылуусу катары киргизилген.


Абу-Дабинин тиешелүү органдары имараттарды жардыруудан мурда жашоочуларды коопсуз аймакка эвакуациялаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн