Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

БП: Министрдин орун басары Бектурганов Алымкадыр Бейшеналиев андан 1 млн сом пара талап кылганын билдирди

03.06.2022 18:20
1235
БП: Министрдин орун басары Бектурганов Алымкадыр Бейшеналиев андан 1 млн сом пара талап кылганын билдирди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 1 млн сом опузалап пара талап кылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурага саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов арыз менен кайрылып, саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиев 2021-жылдын май айынан баштап андан өзүнүн кызматтык бөлмөсүнө бир нече ирээт чакырып, ээлеген кызматынан кетирүү тууралуу коркутуу менен басым жасап, 1 млн сом пара берүүсүн талап кылгандыгын билдирген.


"Ѳз учурунда, У. Бектурганов ээлеген кызматынан кетүүсүнөн жана ар кандай коркутуулардан кийин 498 миң сомду туугандарынан карызга алып, аны 2021-жылдын 8-июлунда А.Бейшеналиевдин ооз эки тапшырмасы боюнча Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын биринин өкүлүнө берген", - деп айтылат маалыматта.


Көрсөтүлгөн факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") менен кылмыш иши козголгон.


Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Белгилей кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгоду.


Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн