Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» саясий партиясы боюнча Бишкек шаарынын административдик сотунун чечими боюнча кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттерге билдирди.
Ал БШК Бишкек шаарынын административдик сотунун чечими менен макул эместигин айтты.
Кечээ, 27-августта Бишкек шаарынын административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын канааттандырган.
25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына документтерин кайтарып берүү тууралуу чечимин кабыл алган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн