Бишкек шаарынын административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын канааттандырды. Мындай чечим бүгүн, 27-августта кабыл алынды.
Буга чейин маалымдалгандай, 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына документтерин кайтарып берүү тууралуу чечимин кабыл алган.
БШКнын өкүлү документти партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келиши керектигин айтып, бирок башка адам алып келген деген жүйөө келтиришкен.
Ал эми "Кыргызстан" партиясы БШКнын мындай чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, сотко кайрылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн