Бугу 03, 2024
Убакыт: 19:48
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

БШК Кубанычбек Самаковдун соттолгондугу тууралуу маселени карады

07.09.2023 10:40
4174
БШК Кубанычбек Самаковдун соттолгондугу тууралуу маселени карады


БШКнын жумушчу тобу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Кубанычбек Самаковдун соттолгондугу тууралуу маселени карады.


Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда анын соттуулугу жоюла элек делген маалыматтар тараган.


Соттуулугу жоюла элек жаран Жогорку Кеңештин депутаты боло албагандыктан, БШК каттоодон мурун текшерүү жүргүзгөн. Мандат алууга арыз бергендердин соттуулугун текшерүү Ички иштер министрлигинин карамагында.


Боршайком «Тундук» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу шайлоого катышууга ниеттенген жарандардын соттуулугу боюнча бөлүмдөр менен маалымат алмашып турат.


Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, текшерүү учурунда Кубанычбек Самаковдун соттуулугу жок болгон.


БШК бул маселе боюнча Башкы прокуратурадан да маалымат сураган, бирок буга Ички иштер министрлиги жооптуу деген жоопту алган.


Кубанычбек Самаков атасы Карганбек Самаков менен бирге 2017-жылы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал үй-мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыратылган, бирок мунапысты эске алуу менен мөөнөтү үчтөн бирине кыскарган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн