Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

БШК Рыскелди Момбековду талапкер катары каттоодон баш тартты

20.01.2022 20:58
2074
БШК Рыскелди Момбековду талапкер катары каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда экс-депутат Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты.  Бул тууралуу  БШКнын маалымат кызматы билдирди.

 

Мындай сунушту Боршайкомдун документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу берип, аны БШКнын 10 мүчөсү бир добуштан колдоду. Ага Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени тууралуу маалымат негиз болду. 

 

Бул маселе былтыр парламенттик шайлоодо да көтөрүлгөн. Боршайком өткөн жылы Момбековду Социал-демократтар партиясынан талапкер кылып каттап, 24-ноябрда кайра аны жокко чыгарган. 

 

Былтыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Рыскелди Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен жасалма диплом алганы аныкталганын билдирген. Атайын кызмат Момбеков ал жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, экинчи жогорку билимди алганын кабарлаган. Мекеме саясатчынын биринчи жогорку билими жок болгондуктан, экинчи жогорку билим алганы мыйзамсыз экенин билдирген. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн