Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн дагы 14 Массалык маалымат каражаттарын аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар: «Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадио уюму», «Ысык-Көл кабарлары», EVENT, «Марва ТВ Плюс», «Манас жаңырыгы» телеканалдары, «Вести Иссык-Куля», «Сельская новь», «Достук», «Дустлик», «Республика», «Параграф», «Новые лица» гезиттери, «Салам» радиостанциясы жана «РухЭш» интернет-булагы.
Буга чейин Боршайком 210 ЖМКны каттоодон өткөргөндүгүн маалымдаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн