Мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш дайындайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
"Биздин божомол боюнча президенттик шайлоо ушул жылдын 17-январында өтүшү мүмкүн. Ал эми парламенттик шайлоо болжол менен 20-декабрга белгилениши мүмкүн ", - деди ал.
Ошондой эле, ал "эки шайлоону бир өткөрүү мүмкүнбү" деген суроого жооп берип жатып, "баардыгы мөөнөтүнө жараша болот. Президенттик шайлоо үч ай аралыгында өтүүгө тийиш" деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн