Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовду ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макул болушту.
Эске салсак, Акылбек Эшимов 2021-жылдын сентябрь айында кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, БШКнын мүчөсү «Кыргызстан» саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүп алып, 2020-жылдын июнь айында ошол эле жылдын күз айына белгиленген парламенттик шайлоодо саясий уюмдан депутаттыкка талапкерлердин алдыңкы бештигине кирүү үчүн арыз ээсинен 550 миң доллар алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн