Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов кызматтан к кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
ЖК комитетинин мүчөсү Айдаровдун айтымында, Эшимовдун арызы каралып, ээлеген кызмат ордунан бошотуу чечими кабыл алынган.
Буга байланыштуу "Кыргызстан" фракциясы Акылбек Эшимовдун ордуна башка талапкерди БШКнын мүчөлүгүнө көрсөтүүгө тийиш.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн