Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 00:51
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

БШКнын үч чоң катачылыгы

29.11.2021 14:53
1672
БШКнын үч чоң катачылыгы

Боршайкомдун үч чоң катачылыгы:


Биринчиси,  эсептөөнү өздөрү үчүн башка, эл үчүн башка кылып жасап, эки башка көрсөтүү чечимин кабыл алышы.  Түндө  баштапкы саноодогу өйдө-төмөндүктү ушуну менен түшүндүрүү аракети болду, өзүбүздүн сервер сонун эле иштеп жатат, эл үчүн жөнөкөйлөштүрүп койгонубуз бузулду, формула туура болбой калыптыр деп. Буга эч ким ишенген жок. Элди түшүнөт-түшүнбөйт, оңой  кылалы дебей эле өздөрү эмнени көрүп турган болсо элге деле ошону көрсөтүү керек эле. Алар түшүнгөн эл түшүнбөй калмак беле, түшүнмөк эл деле. 


Экинчиси,  катачылык даана болуп, аны өздөрү байкашкандан кийин унчукпай оңдой салбай,  ошол бойдон оңдобой коюп коё туруп коомго ачык айтуу керек болчу,  дааналап көрсөтүп, мына карагыла, бул жерде ката кетип жатат, формула бузулуптур, азыр оңдоп кайра коёбуз, тынчсызданбай чыдап турууну суранабыз - деп.  Сервердин мониторун өчүрө салып, кайра тап-такыр башка маалыматты койо салуу чоң шек жаратып салды. 


Үчүнчүсү,  болору болуп, бойоосу кангандан кийин буйталактап жымсалдабай түз айтуу керек болчу.  Улам бирди айтып, аягы барып "хакердик атака" дегенге такай салуу дагы коомдо ишенбөөчүлүктү күчөтүп койду.


Чынын айтканда, мына ушул үч ката шайлоо түзүмүнө, шайлоонун уюштурулушуна жана жүрүшүнө эми-эми пайда болуп келе жаткан  ишенимге оңолбой турган доо кетирип койду көрүнөт. Эми бардыгы туура болгон деп далилдеш кыйын.  Муну моюнга алуу зарыл.


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн