Бугу 03, 2024
Убакыт: 16:53
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

БУУ кыргызстандыктарга 20 миң кап ун, 100 тонна суу май таратат

28.03.2020 21:46
5072
БУУ кыргызстандыктарга 20 миң кап ун, 100 тонна суу май таратат


Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бүгүн, 28-мартта БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы жетекчиси Андреа Баньоли менен жолукту. Бул тууралуу министр өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымдады. Жолугушууда учурдагы кыраалды эске алуу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү тууралуу сүйлөшүү жүргөн.


“Биздин министрлик БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП ООН) менен биргелешип жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырып келе жаткан долбоорлор бар. Учурдагы кырдаалды эске алып, уюмдун биздеги жетекчиси Андреа Баньоли менен жолугушуп, жогорудагы үй-бүлөлөргө тез арада миң тонна (20 000 кап) ун, 100 тонна суу май жеткирип берүүнү макулдаштык. Кудай буйруса, аз камсыз болгон ар бир үй-бүлө 3 кап ун, 15 кг. май менен камсыздалат. Кийинчерээк мына ушундай эле жол менен дагы 30 000 кап ун жакыр үй-бүлөлөргө жеткирилет”, - дейт Кочкоров.

Пикирлер (16)

Коопсуздук коду
Абдыразак
Эн сонун
Гулзат
Ассаляму алейкум. Биз да алсак болобу. Озум 2- топтогу инвалидмин ,балам да ооруйт жолдошум баламды карап иштебейт менин алым жетпейт караганга.0703124270
Динара сатарова
Бизгеда помощь керек 0708702330,4 балабыз бар,аябай кыйналып турабыз
Айзада
Биз сизден суранабыз.бизге дагы берип коюнузду.мен уч кичине балам менен.наны жок.продукты жок отурабыз.абдан кыйналып жатабыз .0707808893
Исмаилова Венера Жыргалбековна
Саламатсызбы биз да алсак болобу 3 бала менен уйдо жумуш жок жолдошум асма менен ооруйт тамак аш тартыш сураныч рахмат 0706138589 Венера