Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

БУУ кыргызстандыктарга 20 миң кап ун, 100 тонна суу май таратат

28.03.2020 21:46
5073
БУУ кыргызстандыктарга 20 миң кап ун, 100 тонна суу май таратат


Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бүгүн, 28-мартта БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы жетекчиси Андреа Баньоли менен жолукту. Бул тууралуу министр өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымдады. Жолугушууда учурдагы кыраалды эске алуу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү тууралуу сүйлөшүү жүргөн.


“Биздин министрлик БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП ООН) менен биргелешип жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырып келе жаткан долбоорлор бар. Учурдагы кырдаалды эске алып, уюмдун биздеги жетекчиси Андреа Баньоли менен жолугушуп, жогорудагы үй-бүлөлөргө тез арада миң тонна (20 000 кап) ун, 100 тонна суу май жеткирип берүүнү макулдаштык. Кудай буйруса, аз камсыз болгон ар бир үй-бүлө 3 кап ун, 15 кг. май менен камсыздалат. Кийинчерээк мына ушундай эле жол менен дагы 30 000 кап ун жакыр үй-бүлөлөргө жеткирилет”, - дейт Кочкоров.

Пикирлер (16)

Коопсуздук коду
Алтынбек раманкулов Кокумбаевич
Жалалабад области Кара кул шаарына таркатасынарбы?
Уулжан
Кимдер алып жатат кунумдук иштегендерге береби
Алмагул Асновна
Иссыколго даны таратавы? Чолпон Ата.
Жыпара
Бизге да берилеби 3бала менен уйдомун Восток 5.0702646991
Бекманбетов Рустам Таласович
Каерден барып Алма болот
Бекманбетов Рустам Таласович
Карантин жумуш жок кв турам балам эки кызым бар 0553419781