Бугу 06, 2024
Убакыт: 09:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Кыргызстанга келди

04.03.2024 10:24
158
БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Кыргызстанга келди


Буунун башкы катчысынын жардамчысы жана БУУнун өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ боюнча аймактык директору Ивана Живкович иш сапары менен Кыргызстанга келди.

БУУӨПтөн билдиришкендей, анын иш сапарынын максаты Кыргызстандын жетекчилиги жана башка негизги кызыкдар тараптар менен консультацияларды өткөрүү, өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн чечимдерди тездетүү жана интеграциялоо үчүн БУУӨПтүн колдоосунун артыкчылыктуу багыттарына басым жасоо болуп саналат.

Иш сапарынын жүрүшүндө Ивана Живкович мамлекеттик жогорку кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат. Министрлер кабинетинин төрагасы, парламенттин вице-спикери жана тышкы иштер министри менен жолугушуусу пландалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн