Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:22
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

«Баарына каршы» добуш үстөмдүк кылса эмне болот?

18.09.2020 11:31
1459
«Баарына каршы» добуш үстөмдүк кылса эмне болот?


Парламенттик шайлоого карата саясий партиялардын үгүт иштери кызуу жүрүүдө. Айрым саясий партиялар көндүм адаттары менен кулак уга берип каныгып калган убадаларды кайталап жатышса, айрымдары «Биз бул ирет жалаң жаңы жана таза талапкерлер менен баратабыз» деп турушат. Тизменин алдыңкы саптары жаңырганы менен, арт жагында баягы эле биз угуп-көрүп жүргөндөр жашынып турганы деле көрүнүп калды. Анын үстүнө жаңы жана таза деген жаштардын деңгээлдери теледебаттарда байкалып, эл көңүлү толбой турат. 


Мына ушундай кырдаалда интернеттеги социалдык түйүндөрдө шайлоо бюллетениндеги «Баарына каршы» деген пунктка добуш берүүгө чакыргандар арбып барат. Бул жолку парламенттик шайлоонун алдындагы өзгөчөлүк ушул жагдай болууда. Мурдагы шайлоолордо мындай маанай мынчалык деңгээлге көтөрүлчү эмес. 


Эл аралык республикалык институт (IRI) жүргүзгөн социалдык сурамжылоого таянсак, респонденттердин 15%ы баарына каршы добуш берише турганын билдиришкен. Ушундан улам эгерде «Баарына каршы» пункту добуштардын көпчүлүгүн топтой ала турган болсо эмне болот деген суроо жаралат.


«КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча» конституциялык мыйзамга ылайык, эгерде шайлоодо бардык талапкерлерге каршы добуш үстөмдүк кыла турган болсо, анда шайлоо өткөн жок деп таанылат. Мындай учурда кайрадан шайлоо өтүшү керек болот. 


Ошондо кайрадан шайлоо жарыяланса, ага азыркы тапта ат салышып жаткан саясий партиялар катыша алабы? Социалдык түйүндөрдө «Баарына каршы добуш берип, азыркы катышып жаткан партиялардын жана талапкерлердин баарын оюндан чыгаралы» деген маанайдагы чакырыктар бар. Бирок, мыйзамда бул боюнча так эч нерсе жазылган эмес. 


Мыйзамда эгерде шайлоо массалык бузуулардан улам, кайсы бир саясий партиянын күнөөсүнөн улам бузулуп, шайлоо өткөн жок деп таанылса, анда ошол партия кайрадан өтө турган шайлоого катыша албайт. 


Эгерде шайлоо мамлекеттик бийлик органдарындагы кызматтагы адамдардын, жергиликтүү бийликтегилердин, шайлоо комиссиясынын аракеттеринен же аракетсиздигинен улам бузулуп, өткөн жок деп табылса, анда кайрадан өтө турган шайлоо ошол эле саясий партиялардын, ошол эле талапкерлердин катышуусунда өтөт. 


Ал эми «Баарына каршы» позициясы утушка жете турган болсо, кайрадан шайлоо кандай боло турганы боюнча мыйзамда так эч нерсе көрсөтүлбөгөн. 


Бирок, «Баарына каршы» позициясы – бул шайлоочулардын тандоосу. Демек, шайлоочулар тигил же бул партиялардын жана алардын талапкерлеринин парламентке келишин каалабагандык болуп саналат. Андыктан алардын кайрадан шайлоо жарыяланса, кайрадан эле катышабыз деп чыгышканы туура болбой калат. 


Ооба, мыйзамда так көрсөтүлбөй калган боштуктар бар, бирок Конституция боюнча республикадагы мамлекеттик бийликтин жана суверендүүлүктүн жападан жалгыз булагы Кыргызстандын эли болуп саналат. Эл өз бийлигин ушул сыяктуу шайлоолордо жана референдумдарда көргөзөт. Андыктан элдин каалоосу «Баарына каршы» болсо, демек ошондой болушу керек. 


Эгерде бул жолку шайлоодо «Баарына каршы» позициясы саясий партиялардын добуштарынан көбүрөөк добуш топтосо, анан кайрадан өтө турган шайлоого ошол эле партиялар катышууну талап кылса, анда бул маселени Жогорку Кеңеш талкуулашы зарыл болот. 


Баса, айта кетүүчү дагы бир жагдай, баарына каршы добуш берүүгө чакырык жасоолор мыйзам бузуу болуп саналбайбы деген пикирлер да бар. Айрым эксперттер алтургай «Жарандар атайын шайлоо фондун түзүп, анан гана «Баарына каршы» добуш берүүгө үгүт жасашы керек» дегендей ойлорду айтышууда. Бул туура эмес, себеби жарандар шайлоо процессинин башкы субьектиси болгону менен алар депутаттыкка талапкер болгон жок. Демек, шайлоо фондун түзүү да зарыл эмес. Жөн гана өздөрүнүн оюн ачык айтып, өз тандоосун жасаганга акылуу. Болгону мыйзам алкагынан чыгып кетпеши маанилүү.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн