Бугу 11, 2024
Убакыт: 12:49
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бабанов кайрадан “кайырмакка илинеби”?

28.04.2024 12:58
580
Бабанов кайрадан “кайырмакка илинеби”?


Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Өмүрбек Бабанов жаңы бийликти колдоп, президенттик шайлоодо да иштеп бергенин билебиз. Бирок көп өтпөй камалган, анан 100 миллион сом төгүп, түрмөдөн чыкканы айтылган. Жан таттуу да. Кийин да кол куушуруп, Талас облустук УКМКнын имаратын жана айыл өкмөт куруп бергени ЖМКларга чыккан.


А соңку убакта кеп болгондой, Бабановдун бизнес иштери текшерилери бекер жерден козголбосо керек. Жакында чыр чыккандай, ал “Фрунзе” гипермаркеттерин жеңил жол менен “Азияга” айландырып, алдамчылык жасаганбы? Бул боюнча даттануулар түшүп атыптыр. Мерчеми келгенде тергөө иштери башталабы?


Эске салсак, Өмүрбек Бабанов убагында Айдар Акаев менен дос болуп, анын аркасынан май куюуучу жайларга ээлик кылып, бизнесин өркүндөткөнү белгилүү. Бутуна тургандан кийин ар келген бийликтин коюн-колтугуна кирип жүргөнү жашыруун эмес. Айтмакчы, бизнес баскынчылык жагдайлары далай талаш-тартыштарды жараткан. Бизнесмен Воробьевдон “Азамат” автобазарын Бабанов тартып алып, сыздатып кеткени боюнча канча чуу болду? Бийликтин, акчанын күчү менен билгенин жасаганбы? Негизи көп суроолор ачык бойдон турат.


Өздүк булагыбыз билдиргендей, Бабановдун бизнес иштери текшерилиши мүмкүн. Тагдыры жарга асылып, кайрадан “кайырмакка илинеби”?.. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн