Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун октябрь окуяларында башаламандык уюштуруу боюнча кылмыш иши өзүнчө каралууда. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, Башкы прокуратура Бабановго карата ачылган кылмыш ишин УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берген. Өмүрбек Бабановго 2020-жылдын октябрь окуяларында массалык башаламандык уюштуруу жана ага катышуу тууралуу кылмыш иши козголгон.
Ал эми жактоочу Амантур Абдырахманов жаңы ачылган кылмыш иши Бабановго билдирме түшкөнү тууралуу билбей турганын айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн