Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 01:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бакай-Атада 2 жашар бала изделүүдө

13.04.2021 10:26
663
Бакай-Атада 2 жашар бала изделүүдө



12-апрелде саат 17:30 чамасында Бакай-Ата РИИБнүн Нөөмөт бөлүмүнө Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну телефон аркылуу: ошол эле күнү саат 15:30 чамасында Өзгөрүш айылынын Субан көчөсүнүн №150 ү.т. 2019-жылы туулган Айткулов Рамзан Адилетович үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жок болуп кеткендигин билдирген.


Окуя болгон жерге ошол эле замат Талас ОИИБи менен Бакай-Ата РИИБнүн тергөө-ыкчам топтору барып текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда, Р.Айткуловдун апасы үйүнүн эшигинин алдында кайненеси экөө кир жууп жаткан, Рамзан жанында басып ойноп жүргөн. Жарым сааттан кийин эле баласын Рамзанды издеп таппай калышкан.

Аталган арыз Бакай-Ата РИИБнүн маалыматтарды эсепке алуу журналына катталды.


 Жоголгон баланы издеп табуу максатында Талас ОИИБнин жана Бакай-Ата РИИБнүн 80ден ашык кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 кызматкери менен жергиликтүү айыл тургундары менен “Кара-Суу” жана “Талас” дарыясы бойлоп издөө иштери жүргүзүлдү. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык ал Талас дарыясына агып кетиши мүмкүн. “Талас” дарыясынын жээгинде жана токойдо издөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Талас ОИИБи 2 жаштагы баланы көргөн билгендер болсо, кабарлашып жардам берүүңүздөрдү суранат. Белгилери: бою болжолу менен 55-65 см, дене түзүлүшү толук, чачы кыска күрөң түстө, көздөрү күрөң түстө.

Кийген кийими: кара түстөгү водолазка, кызыл түстөгү чермей (безрукавка) астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү көлөч.


Байланышуу үчүн телефондор: 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн