Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:16
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бакайдын махабаты үчүн Манастын аскердик жүрүшү, же “Валентин күнү” жана Олжобай менен Кишимжан...

30.08.2023 21:41
2290
Бакайдын махабаты үчүн Манастын аскердик жүрүшү, же “Валентин күнү” жана Олжобай менен Кишимжан...


Жаштарыбызда кенедейинен улуттук аң-сезимди, улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүнү, улуттук ар-намысты, тарыхый эстутумду түптөө жарытылуу колго алынбагандыктан, урпактарыбыз өз тарых тамырына чоочун болуп, маңкурттук илдетке чалдыгышып, чет өлкөлүк бөтөн өрнөктөргө жүгүнүшүүдө. Маселен, жылдын 14-февралында кыргыздын улан-кызы дебей жапырт көтөрүлүп, мектептердеби, жогорку окуу жайларында болобу, Батыштан экспорттолуп келген “Валентин күнүн” майрамдоону адатка айлантып баратышат. Бул көрүнүштү көргөн чет өлкөлүк турист же мейман “кыргыз өлкөсүнүн өзүнүн туу туткан баалуулуктары жокпу?” деген күдүктүү ойго келбей койбосо керек. А чындыгында кыргыз тарыхы жалындаган ак жаркын махабаттын улуу өрнөктөрүнө бай. Бир кезде Расул Гамзатов “Дагестандын ар бир айылында Ромео менен Жульетталар болгон. Бирок аларды даңктаган Шекспир гана болгон эмес” деп жазган эле. Анын сыңарындай, кыргыз ичинде да аңыз болуп айтылып келе жаткан махабат мажнундары жетишерлик. Ал мажнундардын тарыхы Ромео, Жульетталардын, “Валентиндердин” баянынан ашса ашат, асты кем калбайт. “Бар бол сүйүү, баарыбызды жараткан, бар бол сүйүү, баарыбызды таңгалткан!” деп кыргыз акыны бекер ырдап жаткан жок. Эмесе, жаштарга сабак иретинде “Манас” эпосунан бир таңгалычтуу улуу махабаттын тарыхын кыскача баяндап туруп, анан тийешелүү тыянагыбызды чыгаралы. Ал улуу сүйүүнүн баяны мындайча: 


“Манастагы” кадимки акылман Бакай жаш кезинде Чамбыл-Бел аймагында жүрүп, түркмөндөрдүн Карач деген ханынын Көрпаян аттуу кызын сүйүп калат. Көрпаян да Бакайга ашык болуп, махабат өртүнө кабылат. Күндүзү оюнан, уктаса түшүнөн кетпей, бири-бирине куштар-кумар болуп сүйүшкөн Бакай менен Көрпаян үй-бүлө куруп, тагдырларын түбөлүк бириктирүүгө умтулушат. Бирок тилекке каршы, Көрпаяндын атасы хан Карачтын каалаганы башка экен. Бул чөлкөмдө үй-бүлө курууну сүйүшкөн эки адамдын каалоосу, көөдөндөгү көксөөсү, жүрөктөрүнүн буйругу чечпейт экен. Кыздын жекече эрки, жекече чечими деген болбойт тура. Көрпаяндын кимге өмүрлүк жар болорун хан Карач жана анын иниси Жанаалы чечет экен. Махабатка ушул экөөнөн уруксат алыш керек. Личность, анын өз алдынчалыгы, жекече чечими, өз бетинче кадам жасоого укуктуулугу, өз таалайын табуу деген ыйык түшүнүктөр менен ойлонууга өсүп келе элек патриархалдык Чамбыл-Бел аймагынын менталитети ушундай экен. Ушундан улам эки жаштын романтикалык сүйүүсүнүн драмасы, кайгы-касирети башталат. Даражалуу касталык ой-сезимди туу туткан хан Карач иниси Жанаалы экөө шарият-салт менен алдына түшсө да болбой, жетим, тентиген кыргызга (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Бакай алты айында энесинен, бир жашында атасынан ажырап жетим калып, жаш кезинде далай эл-жерди кыдырган) Көрпаянды берүүдөн караманча баш тартып, Бакайды курал менен кубалап жок кылууга ашыгышат.


Бакай Көрпаянга жете албай, нечендеген азаптуу күндөрдү, уйкусуз түндөрдү баштан өткөрөт. “Көрпаянга жете албай, капа болом бир далай, ай түгөнүп жыл өткөн, азаптуу мынча күн өткөн, кызыталак куу жалган, Бакайга кызыгын көрчү минеткен” деп Бакай сыздап турат.


Көрпаянды сүйгөнү ушунчалык деӊиз, махабат мүдөөсү адамча жайчылык жол менен ишке ашпасын түшүнгөн Бакай сүйгөн кызын күч менен алуу үчүн Карач кан менен согушууга барат. Бирок канчалык баатыр болсо да, жалгыз адамдын колунан эмне келет. Бакай:


Көрпаяндын айынан

Жекеге чыга барышып,       

Жети күн тынбай сайышып,

Арык кылдым ыргалтып,

Астымда тулпар малымды,

Алалбай калдым ушинтип,

Акыреттик жарымды.

Көрпаянды алалбай,

Тилегиме баралбай,

Ай-талаага түшкөмүн,

Ай, жалгыздык, сени деп,

Бармагымды тиштедим, - деп өткөнүн эскерип, Манас менен кырк чорого арманын айтып турат. Акыры айла жок, Бакай Карач кандын жерин таштап чыгып кетиптир. Ошондо Көрпаян бөдөнөдөй көзүнөн жаш куюлтуп, кулундай «туйлап, өйдө-төмөн чыӊырып» ыйлайт. Аргасыз Бакайдан ажырап жатып, арманы аттын башындай болгон Көрпаян “сени жети жыл күтөм” деп зарлап, дагы көз жашын төгөт. 


Бакайдын «сыр ачуусунан» андан ары төмөнкүдөй драмалуу жагдайдан кабар алабыз. Бакайдын айтып турган сөзүн тыӊшайлы:


Атасынын өзүнө

Жуучу түшүп жан келип,

Аламын деп бейбакты, 

Туш-туш жактан кан келип,

Жашылала суп көйнөк

Кийбей койду деп уктум,

Башымды кессеӊ мейлиӊ деп,

Тийбей койду деп уктум. 


Андан бери далай жыл өтсө да, Көрпаян турмушка чыкпай, атасынын төрүндө «кара далы» болуп отурат. Үӊүлүп баам салсак, ушул кичинекей ыр түрмөгүнөн бүтүндөй бир адамдын мүнөзүн, руханий турпатын жана махабатынын күчүн көрүүгө болот. Көрпаян атасына “куда бололу” деп келген далай хандардын дөөлөтүнө, атак-даӊкына, алтын-күмүшүнө азгырылбаптыр. Атасынын тилине көнбөгөндөн улам үй-бүлөдө келип чыккан конфликт кызга канчалык психологиялык азаптарды алып келбеди дейсиӊ. Көрпаяндын ички драмасы, өрттөнүп күйгөн жандүйнөсү айтылбаса да сезилип турат. Бул жерде Бакайдай акылман жигиттин асыл жандүйнөсүн баалай билген Көрпаяндын руханиятынын жана интеллектисинин бийиктиги да ачык туюлуп турат. Көрпаян өзүнүн акыл-эс жана руханий-нравалык өнүгүшү жагынан өз чөйрөсүнөн өйдө көтөрүлгөн өзгөчө жан экен. Бакай аны «ургаачынын мыктысы, касиеттүү жан эле» деп кырк чоронун алдында бекеринен көкөлөтүп жаткан жок. «Башымды кессеӊ мейлиӊ», деген сөзүнөн Көрпаяндын беттегенин бербеген көктүгүн, чечкиндүүлүгүн, Бакайга болгон сүйүүсүнүн чексиз тереӊдигин, өзүнүн махабатына ак бойдон калган аруулугун, адамдык туруктуулугун көрүп турабыз. Саптардын подтекстинен көптүн арасындагы жалгыздыктын трагизми жана алды жактан күдөр үзбөгөн үмүт жарыгы сезилет.


Дале болсо тагдырдан үмүт кылып, Кудайдан жакшылык тилеп, ушу күнгө чейин өзүн күтүп жүргөн Көрпаянды ойлоп, Бакай:


Ашыкты таштап, Манас деп,

Ар жылга кеткен мен кандай?

Асылым Бакай келет деп,

Арман менен күн санап,

Боздоп жүргөн ал кандай?

Бакай кан деп зарланып,

Күйүп жүргөн ал кандай?

Күнүм келип жете албай,

Күүлөнгөн Бакай мен кандай, - деп Манаска карап, көөдөнүнөн көк түтүн бурулдатып, күйүтүнө чыдабай тегеренип кетет.


Карасаӊ ушу күнгө чейин Бакай да үйлөнбөй жалгыз. Буга чейин согушта жеӊилген тарап канча ирет айдай сулуу бийкечтерди кыргыздарга тартууга берди. Бакай алардын бирине да көӊүл бурган жок. Үйлөнсөм деп бир да аялзатына назарын түшүргөн эмес. Анын жүрөгү бир гана Көрпаян деп согуп калган. Махабаттын айынан башка ургаачыны көрбөй, көзү «көр» болгон Бакай ботосун жоготкон ингендей бир гана Көрпаян деп боздоп келиптир. Акыры Манас менен Чымбыл-Белден өтүп баратып Бакай чыдабай: «Башкадан эми көөнүм ток, тиктегеним Көрпаян, ошондон башка дартым жок» деп жүрөк сырын Манаска айтып отурат.


Күтпөгөн жерден досунун сүйүү тарыхын, арман-күйүтүн укканда Манас буга кандай реакция жасады? Муну билиш үчүн төмөнкү саптарды өз көзүбүз менен окуйлу:


«Асыл Бакай, абаке,

Бүгүн айттыӊ чыныӊды, 

Казыр айттыӊ жан аба,

Көөдөндөгү сырыӊды,

Жанаалы, Карач – эки кан

Деген сөзгө көнбөсө, 

Көрпаянды бербесе,

Буласын булап аламын,

Бузукту чогуу саламын.

Аккула тулпар, Айбанбоз

Алмак-салмак минемин,

Айткан сөзгө көнбөсө, 

Көрпаянды бербесе, 

Айдап, кырып баарысын,

Мекеге чейин сүрөмүн!»

Бакайдын сыр төгүүсүн (исповедь) угуп, катуу толкунданган Манас өзүнүн алысты көргөн акылы аркылуу Бакай менен Көрпаяндын туюкка кептелип турган кырдаалы кандай кадамга муктаж экендигин дароо көрдү. Азуусун айга жанып турган кыргыз ажосу добулбасын дүӊгүрөтө бир уруп, кыраан кырк чоросун Чамбыл-Белдеги кара мүртөз Карач ханга каршы көтөрдү.


Сөздү кыскартып, акыркы натыйжаны айтсак, кырк чородон кыргын таап кала жаздап, жеӊилген Карач хан менен Жанаалы камчыларын моюндарына салып, Манастын алдында төрт бүгүлүп кечирим сурап, “башыбызды аман коюӊуз, бизди букара кылып алыӊыз, алтымыш кундуз, миӊ жамбы алым алып туруӊуз. Кыз жакшысы Көрпаян, тартууга аны берели» деп жалынып-жалбарып, жан соогалашат.


Бакай үчүн “жарк” этип капыстан күн чыккандай болот. Эки адамдын армандуу махабатынын көп жылдык чиеленген түйүнү күтүүсүздөн, мына ушинтип оӊ жагына чечилет. Көрпаян сулууну «адеми торко кийгизип, Артору тулпарга мингизип», Бакайга кошуп, Таласка аттантышат.

Айкөл Манас досу Бакайга ушинтип эстен кеткис чоӊ жакшылык кылат. Махабат мажнундарын «көздөн учкан көк жээктерине» жеткизет.

«Олжо катын» болуп кетти” деп Чамбыл-Белдегилер ушактап жатышса да, сүйгөнүнө кошулуп, Таласка кетип бараткан жолдо Көрпаяндын ичинде кандай майрам, кандай улуу той болуп, махабаттын жеӊиши салтанаттап жаткандыгын, ал эми Бакайдын “өӊүмбү же түшүмбү?” деп дендароо болуп, бакытка чакап кетип бараткандыгын көз алдыга элестете берели.


«Манастын» ичиндеги бул дастанда биз үйрөнө турган кандай таалим-сабак, тарбиялык маӊыз бар? Бакай менен Көрпаяндын махабат тарыхы – бул сүйүүдөгү туруктуулуктун, адеп-актыктын, сүйгөн адамына акыр-аягына чейин ак жана түз бойдон калуунун, өзүнүн махабат бак-таалайы үчүн буюктурган бурганактарга жана бороондорго жалтанбай көкүрөк тоскон рухий каармандыктын, максат артынан кууган өжөрлүктүн үлгүсү. Бул окуя караӊгылыкка камаса, жылчыктан жарыкты шыкаалаган улуу үмүттүн, айланасына коргон салса, алкакты жарып чыккан ак сүйүүнүн, жерге көмсө, ак соё болуп өнүп чыккан ашыглык күчүнүн символу сыяктуу көрүнөт.


Манас баатырдын Чамбыл-Белдеги Карач канга каршы жасаган аскердик акциясы Бакай менен Көрпаяндын махабатына карата алганда, өзүнүн тереӊ гуманизми менен айырмаланат. Анткени аскердик акция зордук-зомбулукка таянган кара күчтү ооздуктоо үчүн жана махабатка, жакшылыкка жол ачуу үчүн жасалды.


Чыныгы махабатты поэтизациялагандыгы жана тунук сүйүүгө карата акыйкат мамиленин жасалыш зарылчылыгы жөнүндөгү идеяны даӊазалагандыгы – «Манас» эпосунун мазмунунун гуманисттик бийиктигинин көрсөткүчү.


Карагыла “Манастагы” Бакай менен Көрпаяндын укмуштуу махабат тарыхы батыш менен чыгыштын аңыз болуп айтылган атактуу сүйүү баяндарынан эмнеси кем? Тескеринче, ашып-ташкан күчү боюнча алардан ашса ашат, кем калбайт. Анан калса, биздеги Манас менен Каныкейдин, Семетей менен Айчүрөктүн, Олжобай менен Кишимжандын, Аксаткын менен Кулмырзанын, Акмөөр менен Болоттун, Токтогул менен Алымкандын, Канат менен Заринанын алоолоп күйгөн сүйүүлөрүн эстейличи? Буларга удаа өзүбүздүн чыгыштын Лайли менен Мажнун, Фархад менен Ширин, Төлөгөн менен Кызжибек сыяктуу махабат каармандарын эске түшүрөлү. Ушундай суктанып, тамшанып-таңгалдыра турган улуу сүйүү өрнөктөрүбүз турса, өз баркыбызды билбей, өз тарыхыбызды тепселеп, өз кыртышыбыздагы баа жеткис кенчтерибизди унутуп, чоочун “Валентин күнүн” белимчидей ээрчип, тыштан экспорттолгон азгырыктардын “тактекесине” айланып жатканыбыз улуттук ар-намысты жоготкон кулчулук эмей эмне? 

Мисалы, эл озунда ылакап болуп айтылган, тарыхта реалдуу жашап, кийин эпостун каарманына айланып кетишкен Олжобай менен Кишимжанды алалычы. Эки ашыктын өлүмүнө себепкер болгон Кудакенин тукумдары азыр Кыргызстанда жашап жатат. Олжобай өлгөндө Кишимжандын күйүттөн өрттөнүп, канжар менен жүрөккө сайынып, сүйгөнүнүн үстүнө жыгылган Жийдели деген жер азыр да Жийдели деп аталат. Жийделини жергиликтүү айыл эли бүгүн ыйык жай катары кастарлашат. Эпос боюнча эки ашык өлгөн жерден кош чынар өсүп чыгып, анын түбүнөн кош булак агып калган. Бул экөөнүн сүйүүсүнүн өлбөстүгүнүн белгиси. Биз эл жазуучусу Самсак Станалиевдин “Олжобай менен Кишимжан сүйүүнүн ыйык символу, сүйүү кудайына айланган каармандар тарыхый адамдар эмеспи” деп жазганына толук кошулабыз. Эгерде сүйүү күнүн белгилөө зарыл болсо, анда бир датаны шарттуу кабыл алып, Олжобай менен Кишимжандын күнүн белгилөө ылайык болмок. Ошондо биз чет өлкөнү белимчи сыяктуу туурабай, өз наркыбызды билип, өз кыртышыбызда татыктуу да, сыймыктуу да, намыстуу да турган болобуз. 


Ушул жерден бир ойду айта кетүүнүн зарылдыгы бар, 2006-жылы апрель айындагы кыргыз телеберүүсүнөн тартууланган бир көрсөтүүдө 5-6 кыргыз улутундагы өспүрүмгө “эгер кайра төрөлүп калсаң, ким болор элең?” деген суроо берилгендиги, берилген ушул суроолорго окуучулардын биринин артынан бири “француз болгум келет, орус болууну каалайм, немис болгум келет, англичан болгум келет” деп жооп беришкендиги коомчулуктун көз алдында турат. Бул балдар бир гана кыргыз болууну каалабайт. Өзүнүн улуттук тарыхый тамырын тааныбаган, өзүнүн бир боор улутуна таандык болгондугу менен сыймыктана албаган, жогорудагы немис, орус, англичанин болгусу келген өспүрүмдөрдү жана жанагы “компьютер баштуу” (Муктар Шаханов) тукумдарды бир жагынан күнөөлөш да кыйын. Күнөө бул жерде ошол балдарды кичинекейинен жетелеп «тарбиялап» келе жаткан чоңдордо, жеткинчектердин акыл-эсинде тарыхый эстутумду, улутмандыкты өз учурунда жаратып, түзө албаган, алардын жандүйнөсүнө патриоттук, атуулдук-граждандык ар-намыс сезимин сиңире албаган, “мен кыргызмын” деген рух өзөгүн жарата албаган биздин коомдук тарбиянын алсыздыгында дээр элем. Улуу акын Нурмолдо кезегинде таалим-тарбияга байланыштуу мындай деген экен: “Бала деген ушундай, колуңдагы кушуңдай, таптаганга жараша, түшүм берет кызылдай”. Ырасында эле, улуттук идеалдардын жана дөөлөттөрдүн нугунда Нурмолдо айткандай, балдарыбыз тапталбаса, муундарыбыздын жандүйнөсү кыргыз элинин эркиндиги, бактысы үчүн кылымдар бою күрөшүп келген Манас баштаган баатыр ата-бабаларынын, маселен, Бакайдын, Кошойдун, Чубактын, Сыргактын, Барсбектин, Жаңыл Мырзанын, Кубат бийдин, Жайыл баатырдын, Тайлак баатырдын, Курманжан датканын, Алымбек датканын, Абдыкерим Сыдыковдун, Жусуп Абдрахмановдун, көкүрөгүн дзотко тоскон Чолпонбай баатырдын, Исхак Раззаковдун жана башка Ата журтубуздун сандаган чыгаан уул-кыздарынын атуулдук-патриоттук каармандыгы менен жуурулушпаса, албетте, дагы айталы, алар чет өлкөдөн экспорттолгон массалык маданияттын кулу болушат. Аларда өз эл-журтунун тарыхы менен сыймыктануу сезими кайдан болот?


Муундарда тарыхый эстутумду түптөөнүн ата-бабалар жараткан салтын улайлы.


Умтулуп алга кетсең да,

Уюткуң сакта кыргызым.

Капиталга жетсең да, 

Каадаңды сакта кыргызым.

Өйдөгө канат каксаң да,

Өзөгүң сакта кыргызым.

Көкөлөп учуп чыксаң да, 

Көрөнгөң сакта кыргызым!


Советбек Байгазиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн