Бугу 12, 2024
Убакыт: 08:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бакыт Бакетаев: “Маалыматты манипуляциялоо” мыйзамынын аталышын башкача койсо болмок

26.06.2020 15:22
1323
Бакыт Бакетаев: “Маалыматты манипуляциялоо” мыйзамынын аталышын башкача койсо болмок


Жогорку Кеңеште жана коомчулукта кызуу талкууну жараткан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору кечээ, 25-июнда парламент тарабынан кабыл алынды. Бул мыйзамдын кабыл алынышы боюнча бир катар каршы пикирлер айтылып, ошол эле маалда айрым депутаттар Жогорку Кеңеш тарабынан шашылык кабыл алынып калганын белгилешти.

Саясат таануучу, көз карандысыз эксперт Бакыт Бакетаев аталган мыйзам долбоору боюнча “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине өзүнүн пикирин билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдын аталышы башкача болушу керек болчу. Маанисинен мурун анын аталышы одоно угулат. “Манипуляция” деген сөз “маалымат менен ойноо”, “оюнчук кылуу” же “ары-бери калчоо” дегенди түшүндүрүп калат”, - дейт Бакетаев.

Анын билдиришинче, сөз эркиндиги сөзсүз керек, ал маданияттуу жана кандайдыр бир кыргыздын каада-салтына жооп бергидей болушу зарыл. “Албетте, фейктер сөз эркиндигине кирбейт. Фейк – сөздүн башаламандыгы. Өз атын жашырып же өзгөртүп маалымат чагылдыруу менен бир топ кызыкчылыктарды ишке ашырып, ар кандай саясатты жасап жаткан шылуундар бар. Бул жерде көп маселе турат”, - деди эскперт.

Азыр дүйнөнү сөз башкарат. Андыктан ошол сөздү ариетке келтириш керек. Аны туура эмес колдонгондорго жана бурмалагандарга мыйзамдык жактан көзөмөл болуп турганы оң. Бара-бара коомдо болуп жаткан нерселерди мыйзам менен жолго коюу маанилүү”, - деп кошумчалады Бакетаев.      

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн