Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бакыт Сыдыков “Манаска” президент болуш үчүн кимге пара берген?

05.01.2021 09:39
1213
Бакыт Сыдыков “Манаска” президент болуш үчүн кимге пара берген?


6-октябрдагы бийлик алмашуудан кийин “Манас” эл аралык аэропортуна президент болгон Бакыт Сыдыков бийликтеги таасирдүү адамдардын бирине ири суммадагы пара берип кызматка барганы кабарланууда. Бул тууралуу kyrgyztoday.org сайты жазып чыкты. Анда Сыдыковдун бир тууган жездесинин айтканы боюнча маалымат жазылган.


5-октябрь революциясынан кийин “Манас” эл аралык аэропортуна президент болуп кайрадан дайындалган Бакыт Сыдыковдун бир тууган жездеси тар чөйрөдө бир белгилүү чоңдун атын атап, “кайним Бакыттын аэропортко президент болушу үчүн чоң акча алды, өз колум менен жеткирип бердим” деп мактаныптыр деген уу-дуу сөз эл аралап жүрүп жатат, “уккан кулакта жазык жок” дейт кыргызда. 2010-жылдагы 7-апрель революциясынан кийин “Манас” аэропортундагы коррупциялык кылмыштары үчүн расмий түрдө кылмыш иши козголуп, чет элге качып кеткен Бакыт Сыдыков ал кездин көзүрү Алмаз Атамбаевге 1 млн доллар пара берип өлкөгө кайтып келүүгө уруксат алганын жергиликтүү ММКлар байма-бай жазышкан. Ал эми 2010-жылдын 12-майында төңкөрүш жасайм деп Ош облустук администрацияны басып алган атасы Үсөн Сыдыковду Убактылуу өкмөт УКМКга камап салганда да Бакыт Сыдыков Алмаз Атамбаевге чыгып, $1 млн берип, абактан таптаза кылып куткарып кеткенин басма сөздө жарыялашкан”, - деп жазылат аталган маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн