Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 11:46
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Бакыт Төрөбаев Ош облусунда дыйкандарга көчмө жыйын өткөрдү

08.07.2024 10:57
1144
Бакыт Төрөбаев Ош облусунда дыйкандарга көчмө жыйын өткөрдү


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон сапарынын алкагында дыйкандар менен көчмө жыйын өткөрдү. Анда тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен пахтаны жана дан өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жакшыртуу маселеси талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара Кара-Суу районунун Большевик айылындагы "Кыргыз пахтачылык боюнча тажрыйба станциясы" мамлекеттик ишканасынын (КПТС) базасында уюштурулду. Бул станцияга 286 гектар жер аянты тиешелүү.

Быйыл КПТС өз каражаттарынын эсебинен 20 гектар, ал эми кытайлык инвесторлор тарабынан 50 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулган.

Инвесторлор менен биргеликте пахтаны өстүрүүдө тамчылатып сугаруу системасын колдонуу боюнча эксперименттер жүргүзүлүүдө.

Изилдөөлөрдүн алгачкы жыйынтыктары көрсөткөндөй, тамчылатып сугарууда пахтанын түшүмдүүлүгү жогорулап, сугат суунун чыгымы олуттуу кыскарышы байкалууда.

Айта кетсек, КПТС базасында Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун эки илимий бөлүмү иштейт. Анда кызматкерлер Кыргызстандын түштүк шарттарында пахтанын тез бышуучу, жогорку түшүмдүү сортторунун селекциясы менен алектенишет.

Көчмө жыйындын соңунда пахта өстүрүүдө тамчылатып сугаруу усулун киргизүү, дыйкандардын чыгымдарын минималдаштырып, алардын кирешесин көбөйтүү боюнча практикалык сунуштардын комплекси жана пахтанын жаңы сортторун иштеп чыгуу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Ошондой эле министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө КПТСтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча тапшырмалар берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн