Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бакыт Төрөбаев Ош жана Жалал-Абад эли менен жолугат. Дареги жана убактысы

29.07.2024 18:34
336
Бакыт Төрөбаев Ош жана Жалал-Абад эли менен жолугат. Дареги жана убактысы


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Ош жана Жалал-Абад облусуна минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барат.

Алдыда Ош облусундагы белгиленген жолугушуунун өтө турган дареги жана убактысы боюнча маалымат сунушталат: 

- Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушуу Даарот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө 5-августта саат 10:00гө коюлду;
- Алай районундагы жолугушуу 5-августта саат 15:00дө маданият үйүндө өтөт;
- Кара-Кулжа районундагы эл менен жолугушуу 6-августта Р.Абдыкадыров атындагы маданият үйүндө саат 10:00дө болот;
- Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу 6-августта саат 16:00дө райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында башталат;
- Ноокат районундагы жолугушуу 7-августта райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саат 10:00гө белгиленди;
- Араван районундагы жолугушуу 7-август күнү райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саат 15:00дө өтөт;
- Кара-Суу районундагы жолугушуу 8-августта саат 10:00дө райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында уюштурулат;
- Ош шаарындагы жолугушуу 7-августта 18:00дө С.Ибраимов атындагы драмалык театрында өтөт. 

Жалал-Абад облусундагы жолугушуулар өткөрүлө турган даректер:
- Токтогул районундагы жолугушуу 12-августта А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө 10:00дө башталат;
- Кара-Көл шаарындагы жолугушуу 12-августта 16:00дө Энергетик атындагы маданият үйүндө болот; 
- Таш-Көмүр шаарындагы жолугушуу 13-августта саат 10:00дө шаардык маданият үйүндө өтөт; 
- Аксы району боюнча жолугушуу 13-августта Кербен шаарындагы А.Алымов атындагы маданият үйүндө 16:00дө башталат;
- Чаткал районундагы жолугушуу 14-августта 09:00дө Ч.Айтматов атындагы маданият үйүндө уюштурулат; 
- Ала-Бука районундагы жолугушуу 14-августта Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 16:00дө башталат; 
- Майлуу-Суу шаарындагы жолугушуу 15-августта шаардык маданият үйүндө 10:00гө белгиленди; 
- Ноокен районундагы жолугушуу 15-августта 15:00дө Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт; 
- Базар-Коргон районундагы жолугушуу 16-августта Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 10:00дө болот;
- Сузак районундагы жолугушуу 16-августта 15:00дө Сузак райондук райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
- Жалал-Абад шаарындагы жолугушуу 17-августта облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында 10:00дө башталат. 

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы жолугушуу Нарын облусуна барганда уюштурулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн