Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бала бакчаларга жаңы эрежелер иштелип чыкты

06.06.2020 14:46
1104
Бала бакчаларга жаңы эрежелер иштелип чыкты

 

5-июндан тарта бала бакчаларга иштөөгө уруксат берилди. Мындан улам баардык кызматкерлер ПЧР анализдерин тапшырууда.


Мэриянын билдирүүсүнө караганда, 6-июнга карата бала бакчалардын көпчүлүк кызматкерлери COVID-19га анализ тапшырып бүтүп калышты.


Ал эми мектепке чейинки билим берүү мекемелери Салматтыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритмди так сактоо менен иштөөсү керек.


Ошол эле учурда №92, №185, №4, №5, №184, №117, №122, №104, №71чи муниципалдык бала бакчалар оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканына байланыштуу убактылуу иштейбейт.


Шаар мэриясы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте үч багытта документтерди иштеп чыккан:


1. Бала бакчаларпрдын убактылуу иштөө жобосун;

2. Ата-энелерге анкета;

3. Ата-эненин баласынын ден соолугуна кам көрүү үчүн жоопкерчилиги.


Жаңы документке ылайык панемия учурунда бала бакчаларда төмөнкү шарттар сакталыш керек: мекемеге “кирүүчү фильтр” болушу, балдарды эрте менен кабыл алуу, жеке гигиенаны сактоо үчүн шарттар, аралыкты сактоо жана массалык түрдө чогулуну болтурбоо, нымдуу каражаттар менен тазалап туруу, күнүнө 4-5 жолу таза аба менен желдетип туруу.


Эске алсак, Бишкекте 87 муниципалдык, 13 ведомстволук жана 218 жеке менчик бала бакча бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн