Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бала кезде кандайдыр бир кереметке ишенип жашайбыз, - Аида Исмаилова

01.06.2020 16:55
1200
Бала кезде кандайдыр бир кереметке ишенип жашайбыз, - Аида Исмаилова

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова балдардын биринчи онлайн саммитинин катышуучуларын жана өлкөдөгү жалпы балдарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады.

 

«Кымбаттуу балдар! Урматтуу ата-энелер, мекендештер!


Ар бирибиздин эң жаркын, эң таза жана эң таттуу күндөрүбүз балалык кезибизге байланыштуу. Бул күндөрдү ар дайым жылуу сезимдер менен эстейбиз. Бала кезде кандайдыр бир кереметке ишенип жашайбыз. Балалык кездеги сезимдер өмүр бою эсте калат. Ошондуктан бул майрам келечек муундун ырааттуу өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик алган чоңдор үчүн да абдан маанилүү. Жалпыңыздарды бүгүнкү – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм!», - деп айтты ал сө.

 

Бүгүнкү биздин кылган ишибизден, балдардын маселелерине кылган мамилебизден эртеңки күнүбүз көз каранды, себеби балдар – биздин келечегибиз. Ар бир бала сүйүүгө, мээримге жана камкордукка курчалып турсун!

 

Кымбаттуу балдар! Бүгүнкү күн толук бойдон, сиздерге, Кыргызстандын кенже жарандары болгон сиздерге арналат! Балдарга бекем ден соолук, кызыктуу жана көңүлдүү жайкы эс алуу каалайм. Бактылуу болгула, жүзүңөрдө ар дайым жылмаюу болсун!», - деп жазылат куттуктоодо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн