Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Баласына болушкан атаны жаш жигиттер сабап өлтүргөн

Баласына болушкан атаны жаш жигиттер сабап өлтүргөн

Талас облусунун Кара-Буура районунда 1963-жылы туулган жаран ур-токмоктон каза болду. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы Талас облустук милициясына таянып билдирди.


Маалыматка караганда, 19-июнда саат 05:20да Талас облусунун аймактык ооруканасына жаранды үч жигит алып келген. 1963-жылы төрөлгөн М.А. аттуу жаран ооруканага жеткирилгенде каза болгон.


Милиция тастыктагандай, М.А. аттуу жарандын 1997-жылы туулган баласын 1999-жылы туулган Ж.И., 1996-жылы туулган Т уулу А. жана 2001-жылы туулган М.уулу З. аттуу балдар белгисиз себептерден ур-токмокко алган. Окуяга күбө болгон атасы уулуна болушуп жатып ур-токмоктон каза болгон.


Тергөө иштери жүрүп, ур-токмокко алган үч жаран кармалган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн