Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Балбак Түлөбаев Боом капчыгайындагы өрттүн пайда болуу себебин айтты

24.03.2023 17:29
445
Балбак Түлөбаев Боом капчыгайындагы өрттүн пайда болуу себебин айтты

Бүгүн, 24-мартта Бишкек-Балыкчы унаа жолунун Боом капчыгайында үч жерден ири өрт чыкты.


Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шашылыш кайрылуу жасап, өрттү чектеп калууга чакырган.


"Жергиликтүү тургундардын айтымында өрт поездден чыккан жалындан пайда болгон",- деди депутат Түлөбаев.


Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3 өрт өчүрүүчү бөлүм жана 18 токой чарбасынын кызматкери тартылганын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн