Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Балбак Түлөбаев менен Жамалбек Ырсалиевге кайрылуу: Кооз сүйлөп эле отура бересиңерби?

17.12.2020 12:02
629
Балбак Түлөбаев менен Жамалбек Ырсалиевге кайрылуу: Кооз сүйлөп эле отура бересиңерби?


Мен бул кайрылуумду Бах көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жашаган 200 кошунамдын атынан, Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаевге, вице-мэри Жамалбек Ырсалиевге жана мэриянын алдындагы Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы (ОГУКС) Болот Апиловго жолдойм. 


Аталган райондун тургундары 5 айдан бери өз каражатыбызга эле газ киргизе албай убарабыз. Алгач Арча-Бешик жаңы конушун акысыз газдаштыруу жүрүп жатканда кайрылсак, силер жаңы конушка карабайсыңар, шаарга карайсыңар, бул долбоор жаңы конуштар үчүн деп акысыз газдаштыруудан баш тартышкан. Андан кийин өзүбүз каражат чогултуп, "Газ Строй Азия" ЖЧКсы менен келишим түзүп, проект алыш үчүн 200 000 сом топтоп бергенбиз, проект бүткөндөн кийин негизги суммасын чогултуп бермекпиз. Көчөгө тартканына эле ар бир үй-бүлөдөн 40 миңдин тегерегинде, ал эми үйдүн ичине чейин тартып бергенин кошкондо 60-70 миңдин тегерегинде акча чыгаруу болжолдонгон. Бул суммага деле жергиликтүү тургундар макул болгонбуз. Бирок 4-5 айдан бери мэриянын алдындагы Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы проектибизди бүтүрбөй жатат. Проектке деген 200 000 сомубузду деле берип жибергенбиз. Бул мыйзамдуу мамлекетке төлөнчү акчабы же жеке чөнтөккө кетчү акчабы, аны деле териштирген жокпуз. Бизде эң башкысы эртерээк газ киргизип, жылуулук үчүн газды колдонсок деген эле ой болгон. Эки-үч күндөн бери ФБнын активдүү колдонуучусу, вице-мэр Жамалбек Ырсалиев борборду түтүндөн арылтуу боюнча кандай сунуштарыңар бар деп элге кайрылып атат. Албетте биринчи эле жолу калктуу конуштарды газдаштыруу, жылытууга көмүрдү эмес, газды колдонуу экенин жакшы билесиз. Анан эмнеге мамлекетке жүгүн артпай өз каражатына газ киргизип, экологияга зыян кылбай жылуулукка газды колдонолу дегендерге мүмкүнчүлүк түзүп, документтерин тезирээк бүтүрүп бергенге жарабайсыңар? Же кооз сүйлөп эле, ишиңер менен сөзүңөр дал келбей олтура бересиңерби!!! Же плакаттарды жазып алып мэриянын алдына чыгышыбыз керекпи? Бул райондо баары эле 2-3 кабаттуу үйлөр, баардык тургундар жылуулук үчүн газды колдонгонго толук мүмкүнчүлүгү барлар. Өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы күчөп, чектөөлөр киргизилиши мүмкүн деген маалыматтар да болуп атат. Мамлекетке да, экологияга да зыян келтирбей, газ менен жылытууга өтөбүз дегендерге мүмкүнчүлүк түзүп бергиле. Фейсбук аркылуу Балбак Түлөбаевден, Жамалбек Ырсалиевден жана Болот Апиловдон расмий жооп күтөбүз...


Мира АБДУКАПАРОВА, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн