Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Балдар жетим калып жатат. Азирети Муфтий айдоочуларга эскертүү берди

27.08.2021 16:58
624
Балдар жетим калып жатат. Азирети Муфтий айдоочуларга эскертүү берди



Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев  учурда жол кырсыгынан адамдардын жаны көп кыйылып жаткандыгын баса белигеп, айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга жана адамдын өмүрү менен ойнобоого чакырды. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы кабарлады.


Муну менен катар Азирети Муфтий жол кырсыктарынын көбөйүшү менен чоң жоготуулар болуп, жаш балдар жетим калып, ата-энелер азап тартып жатканын айтты.


 «Социалдык тармактарда үрөй учурган жол кырсыктарын көрүүгө болот. Бул адамдын зээнин кейитет. Өзгөчө такси кызматын аркалагандарга эскертем, акча үчүн адамдын өмүрү менен ойнобогула. Жолго чыгаардын алдын унааны текшерүүдөн өткөрүп, эс алуу керек. Жолдо жүрүүнүн эрежесин так сактап, аманатка кыянат кылбайлы»,-деди Азирети Муфтий.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн