Ысык-Көл облусунун Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунун айрым жерлерине кум шагылдарга толуп, суу алып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунун 60-70-чакырым аралыктарын кум шагылдарга толтурган.
Унаа жол №33 Жол тейлөө ишканасынын балансында, учурда техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн